Касымалиев: Кыргызстандын ИДПсы 2030-жылга чейин 30 млрд долларга жетет

Касымалиев: Кыргызстандын ИДПсы 2030-жылга чейин 30 млрд долларга жетет

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Улуттук өнүктүрүү форумунда өлкөнүн экономикалык жана социалдык өнүгүүсүндө акыркы жылдары олуттуу жылыштар болгонун белгиледи. Бул тууралуу Өкмөттун басма сөз кызматынан билдиришти.

“Акыркы үч жылда орточо экономикалык өсүү 9%дан ашты. 2025-жылдын 9 айында ИДПнын өсүү темпи 10%га жетти. 2024-жылы ИДПнын көлөмү 1,5 триллион сомдон ашып, 2021-жылга салыштырмалуу эки эсеге көбөйдү. Ал эми 2025-жылдын аягына карата бюджеттик ресурстар 1 триллион сомго жетет”, — деди Касымалиев.

Ал ошондой эле, президент Садыр Жапаров бекиткен 2030-жылга чейинки Улуттук өнүгүү программасы— экономиканы бекемдөө, элдин жашоо сапатын жогорулатуу жана башкаруу системасын жаңылоого багытталганын белгиледи.

Программанын негизги максаттары:

Калктын жан башына ИДПны 4 500 долларга чейин жеткирүү;
ИДП көлөмүн 30 млрд доллардан кем эмес деңгээлде камсыз кылуу;
Орточо жылдык реалдуу өсүштү 8% деңгээлде сактоо;
Адамдык өнүгүү индексин жогорулатуу жана жумушсуздукту 5%дан төмөн кармоо.

Бул максаттарды ишке ашыруу үчүн 919 иш-чараны камтыган беш жылдык план даярдалууда.

“Ар бир чара мамлекеттин туруктуу өнүгүүсүнө жана элдин жыргал жашоосуна кызмат кылууга тийиш. Кыргызстан гүлдөп-өнүгүүнүн жаңы этабына өтүүгө толук даяр”, — деди жыйынтыгында Адылбек Касымалиев.

Мындан тышкары окуңуз

Өлкө боюнча 26–28-августта акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

Өлкө боюнча 26–28-августта акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

26–28-август күндөрү Кыргызстандын бардык аймактарында жарандарга акысыз укуктук жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу Юридикалык жардам кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чара Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө жана Юстиция министрлигинин 100 жылдыгына карата уюштурулууда. Юридикалык жардам көрсөтүү үчүн Бишкекте жана өлкөнүн бардык облустарында атайын жайлар уюштурулат. Алардын арасында калкты тейлөө борборлору, айыл

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

Кыргызстанда "Джунда" мунайды кайра иштетүүчү заводун модернизациялоо долбоорунун кийинки этабы башталат. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти. Бүгүн агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Министрлер Кабинети менен "Борбордук Азия энергетикалык компаниясы" ЖЧКсынын ортосундагы инвестициялык келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча кошумча келишимге кол койду. Документ "Джунда" заводун

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алай районунда сел, жер көчкү жана башка өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу аймактын мамлекеттик админстрациясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Гүлчө шаарына караштуу Чакмак айылында жер көчкү коркунучун жоюу үчүн ӨКМдин атайын долбоору менен курулган дамбанын курулушу 100% аяктады. Сыноо иштеринен кийин бул аймактагы 13 турак үйгө жана

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Ысык-Көл облусунда “Нелегал-2026” ыкчам-профилактикалык рейди өттү. Бул тууралуу УКМКдан билдирди. Маалыматка ылайык, 13-21-август аралыгында чет өлкөлүк жумушчу күчүн пайдаланган 31 объект жана 1015 чет өлкөлүк жарандын документтери текшерилген. Жыйынтыгында Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз жүргөн 303 чет өлкөлүк жаран аныкталып, аларга жалпы 2 млн 701 миң 500