Борбор Азия өлкөлөрү Дүйшөмбүдө соода жол-жоболорун санариптештирүүнү талкуулашты

Борбор Азия өлкөлөрү Дүйшөмбүдө соода жол-жоболорун санариптештирүүнү талкуулашты

Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында Борбор Азиянын Улуттук комитеттеринин (СЖЖУК) кезектеги 14-аймактык жыйыны өткөрүлдү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Иш-чара Германиянын Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү федералдык министрлиги (BMZ) жана GIZ тарабынан «Борбор Азияда соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү» долбоорунун алкагында уюштурулду.

Жыйында Борбор Азиянын беш өлкөсүнүн министрликтеринин, ведомстволорунун, жеке сектордун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышып, региондогу соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана санариптештирүү багытындагы кызматташтыкты талкуулашты.

Кыргызстандык делегация өзүнүн тажрыйбасын, жетишкендиктерин жана бизнести реформаларга тартуунун ийгиликтүү мисалдарын сунуштады. Иш-чаранын алкагында санариптештирүү, кагазсыз соода, транспорттук-транзиттик системаларды өркүндөтүү жана электрондук фитосанитардык сертификаттарды (ePhyto) киргизүү боюнча жумушчу топтор талкууларды өткөрдү.

Жыйындын максаты — соода процесстерин эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүү, аймактык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жогорулатуу болуп саналат.

Мындан тышкары окуңуз

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

Кыргызстанда "Джунда" мунайды кайра иштетүүчү заводун модернизациялоо долбоорунун кийинки этабы башталат. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти. Бүгүн агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Министрлер Кабинети менен "Борбордук Азия энергетикалык компаниясы" ЖЧКсынын ортосундагы инвестициялык келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча кошумча келишимге кол койду. Документ "Джунда" заводун

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алай районунда сел, жер көчкү жана башка өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу аймактын мамлекеттик админстрациясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Гүлчө шаарына караштуу Чакмак айылында жер көчкү коркунучун жоюу үчүн ӨКМдин атайын долбоору менен курулган дамбанын курулушу 100% аяктады. Сыноо иштеринен кийин бул аймактагы 13 турак үйгө жана

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Ысык-Көл облусунда “Нелегал-2026” ыкчам-профилактикалык рейди өттү. Бул тууралуу УКМКдан билдирди. Маалыматка ылайык, 13-21-август аралыгында чет өлкөлүк жумушчу күчүн пайдаланган 31 объект жана 1015 чет өлкөлүк жарандын документтери текшерилген. Жыйынтыгында Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз жүргөн 303 чет өлкөлүк жаран аныкталып, аларга жалпы 2 млн 701 миң 500

Башкы прокуратура менен Евробиримдик кызматташтыкты кеңейтет

Башкы прокуратура менен Евробиримдик кызматташтыкты кеңейтет

Кыргызстандын Башкы прокуратурасында Башкы прокурордун милдетин аткаруучу М.М. Бектурганов Европа Бирлигинин Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Реми Дюфло менен жолугушту. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, жолугушууда укуктун үстөмдүгүн жана жазык сот адилеттигин бекемдөө жаатындагы кызматташтыктын негизги багыттары талкууланды. Анын ичинде жазык сот өндүрүшүн санариптештирүү, киберкылмыштуулукка каршы күрөшүү, финансылык иликтөөлөрдү