Ошто мыйзамсыз иштеген акча алмаштыруучу жайлар жабылды

Ошто мыйзамсыз иштеген акча алмаштыруучу жайлар жабылды

Ошто УКМ жүргүзгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын алкагында “Достук-автожол” көзөмөл өткөрүү пунктунун аймагында  лицензиялары жок валюта алмаштыруу жайларынын ишмердүүлүгү токтотулду.

Текшерүү убагында көзөмөл өткөрүү пунктуна жанаша жайгашкан аймакта валюта алмаштырган116 пункт аныкталып алардын 84үнүн тиешелүү лицензиясы жок болуп чыккан.

 Жогоруда аталган акча алмаштыруу жайларында массалык тинтүү жүргүзүлүп, натыйжада 66 млн 490 миң 671 сом, 941 миң 360 АКШ доллары, 3 млрд 635 млн 527 миң 600 өзбек суму, 3 млн 531 миң 200 казак теңгеси, 66 млн 729 миң 142 орус рубли, 170 тажик сомониси, 29 миң 890 түрк лирасы, 23 миң 361 евро, 53 миң 920,5 кытай юаны конфискацияланып, акча алмаштыруу жайлары жабылган.

Мындан тышкары окуңуз

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

Кыргызстанда "Джунда" мунайды кайра иштетүүчү заводун модернизациялоо долбоорунун кийинки этабы башталат. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти. Бүгүн агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Министрлер Кабинети менен "Борбордук Азия энергетикалык компаниясы" ЖЧКсынын ортосундагы инвестициялык келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча кошумча келишимге кол койду. Документ "Джунда" заводун

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алай районунда сел, жер көчкү жана башка өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу аймактын мамлекеттик админстрациясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Гүлчө шаарына караштуу Чакмак айылында жер көчкү коркунучун жоюу үчүн ӨКМдин атайын долбоору менен курулган дамбанын курулушу 100% аяктады. Сыноо иштеринен кийин бул аймактагы 13 турак үйгө жана

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Ысык-Көл облусунда “Нелегал-2026” ыкчам-профилактикалык рейди өттү. Бул тууралуу УКМКдан билдирди. Маалыматка ылайык, 13-21-август аралыгында чет өлкөлүк жумушчу күчүн пайдаланган 31 объект жана 1015 чет өлкөлүк жарандын документтери текшерилген. Жыйынтыгында Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз жүргөн 303 чет өлкөлүк жаран аныкталып, аларга жалпы 2 млн 701 миң 500

Башкы прокуратура менен Евробиримдик кызматташтыкты кеңейтет

Башкы прокуратура менен Евробиримдик кызматташтыкты кеңейтет

Кыргызстандын Башкы прокуратурасында Башкы прокурордун милдетин аткаруучу М.М. Бектурганов Европа Бирлигинин Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Реми Дюфло менен жолугушту. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, жолугушууда укуктун үстөмдүгүн жана жазык сот адилеттигин бекемдөө жаатындагы кызматташтыктын негизги багыттары талкууланды. Анын ичинде жазык сот өндүрүшүн санариптештирүү, киберкылмыштуулукка каршы күрөшүү, финансылык иликтөөлөрдү