Аймактык долбоорлорго 900 млн сомдон ашык инвестиция тартылды

Аймактык долбоорлорго 900 млн сомдон ашык инвестиция тартылды

КРнын аймактарын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө багытталган Аймактарды өнүктүрүү фонддорунун ишмердүүлүгү 2025-жылы жаңы деңгээлге чыкты. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Аймактарды өнүктүрүү фонддорунун каражаттары “Мамфинхолдинг” ААК аркылуу жылдык 2% чен менен берилген бюджеттик кредиттердин негизинде экономикалык долбоорлорду каржылоо үчүн колдонулууда.

2025-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча “Мамфинхолдинг” ААК жалпы суммасы 915,3 млн сомдук 184 экономикалык долбоорду жактырды. Алардын ичинен 595,7 млн сомго 128 долбоор иш жүзүндө каржыланды.
Салыштыруу үчүн, 2024-жылы Аймактарды өнүктүрүү фонддорунун каражаттарынын эсебинен 165,8 млн сомго 38 долбоор, ал эми 2023-жылы — 146,1 млн сомго 34 долбоор колдоого алынган.

Бул көрсөткүчтөр инвестициялык ишмердүүлүктүн жанданышын жана реалдуу экономика секторун колдоого мамлекеттин катышуусунун кеңейишин айгинелейт.

Аймактарды өнүктүрүү фонддору тоо-кен компанияларынын чегерүүлөрү жана лицензиялык төлөмдөрдүн эсебинен түзүлүп, инфраструктураны өнүктүрүү, ишкердикти колдоо, жумуш орундарын түзүү жана жашоо сапатын жогорулатуу сыяктуу багыттардагы долбоорлорду каржылоону улантууда.

Мындан тышкары окуңуз

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Ысык-Көл облусунда “Нелегал-2026” ыкчам-профилактикалык рейди өттү. Бул тууралуу УКМКдан билдирди. Маалыматка ылайык, 13-21-август аралыгында чет өлкөлүк жумушчу күчүн пайдаланган 31 объект жана 1015 чет өлкөлүк жарандын документтери текшерилген. Жыйынтыгында Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз жүргөн 303 чет өлкөлүк жаран аныкталып, аларга жалпы 2 млн 701 миң 500

Башкы прокуратура менен Евробиримдик кызматташтыкты кеңейтет

Башкы прокуратура менен Евробиримдик кызматташтыкты кеңейтет

Кыргызстандын Башкы прокуратурасында Башкы прокурордун милдетин аткаруучу М.М. Бектурганов Европа Бирлигинин Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Реми Дюфло менен жолугушту. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, жолугушууда укуктун үстөмдүгүн жана жазык сот адилеттигин бекемдөө жаатындагы кызматташтыктын негизги багыттары талкууланды. Анын ичинде жазык сот өндүрүшүн санариптештирүү, киберкылмыштуулукка каршы күрөшүү, финансылык иликтөөлөрдү

Түрмөнүн жетекчиси коррупцияга шектелип кармалды

Түрмөнүн жетекчиси коррупцияга шектелип кармалды

25-августта Жаза аткаруу кызматынын ички иликтөө башкармалыгынын кызматкерлеринин катышуусунда Сокулук районунун Жаңы-Жер айылындагы өмүр бою эркинен ажыратылгандар үчүн каралган №19-түзөтүү колониясынын башчысы, майор Ж.М. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту "Пара талап кылуу"

Кыргызстанда 8 райондо суу кызматтарын көрсөтүүчү ишканалар түзүлөт

Кыргызстанда 8 райондо суу кызматтарын көрсөтүүчү ишканалар түзүлөт

Чүйдүн Панфилов районунда ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызматтарын көрсөтүүчү ишкана түзүү боюнча кеңешме өттү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Кеңешмеге райондук мамлекеттик администрациянын, айыл өкмөттөрүнүн, айыл кеңештеринин, муниципалдык ишканалардын өкүлдөрү жана Ичүүчү суу менен камсыздоо