Кыргызстанда эң жогорку көлөмдөгү орточо маяна канча?
МинКаб 2026-жылы киреше салыгы менен камсыздандыруу взносун эсептөө үчүн пайдаланыла турган эмгек акынын бир айлык орточо көлөмүн аныктады.
Маалыматка ылайык, өлкө боюнча орточо маяна 36 миң 47 сомду, а “Кумтөрдү” эске албаганда – 35 миң 97 сомду түзөт.
Орточо айылк көлөмү боюнча жогорку көрсөткүчтөр төмөнкү аймактарда белгиленген:
Бишкекте – 44 миң 74 сом;
Кара-Кулжада (Жалал-Абад облусу) – 50 миң 642 сом;
Чаткал районунда – 55 миң 183 сом;
Жети–Өгүз районунда (Кумтөрдү эске алганда) – 96 миң 813 сом.
Эң аз орточо эмгек акы Талас облусунун Манас районунда белгиленип, ал – 21 миң 738 сомду түзгөн. Ошондой эле Сокулукта орточо айлык – 21 миң 748 сом болгон.
Ал эми Ош, Баткен облустарында орточо маяна – 22 мин 26 сомдун айланасында чыккан. Салыштырмалуу алганда, түндүк облустарда орточо эмгек акы түштүк облустарына салыштырмалуу жогору болгон. Бул мамлекеттик структуралардын, туристтик жана өнөр жай мекемелеринин түндүк тарапта көбүрөөк болушуна байланыштуу.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу