Президенттин Иш башкармалыгынын 9 айдагы кирешеси 10,3 млрд сомду түздү

Президенттин Иш башкармалыгынын 9 айдагы кирешеси 10,3 млрд сомду түздү

Президенттин Иш башкармалыгынын ведомстволук уюмдары 2025-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен планды 111,3% деңгээлинде аткарып, иш жүзүндөгү кирешеси 10 млрд 357,2 млн сомго жетти. Бул тууралуу Каныбек Туманбаевдин төрагалыгы астында өткөн коллегиялык жыйында маалымдалды.

Жыйында ведомстволук уюмдардын финансылык-чарбалык ишинин жыйынтыктары, аткарылган иштер боюнча отчеттор жана келечектеги пландар каралды.

Белгиленгендей, 2025-жылдын 9 айына карата пландын суммасы 9 млрд 304,5 млн сом деп бекитилген болчу, бирок иш жүзүндөгү киреше пландын көрсөткүчүн 1 млрд 52,7 млн сомго ашып, жалпы 111,3% деңгээлде аткарылган.

Мындан тышкары, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу ведомстволук уюмдардын кирешеси 4 млрд 539,9 млн сомго, же 78%га көп болгон.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кыргызстан ЭСКАТО менен кызматташууну кеңейтет

5-ноябрдан тарта Бишкектеги көчөдө чектөө болот

Финансы министрлигинде демилгелүү бюджеттөө боюнча семинар өттү

ИИМ башчысы Астанада эл аралык конференцияга катышууда

Мамлекеттик сатып алууларда эң арзан баа эмес, эң пайдалуу сунуш тандалышы мүмкүн