Энергетика министри "Кыргызкөмүр" ишканасына көмүр ташууну күчөтүү тапшырмасын берди

Энергетика министри "Кыргызкөмүр" ишканасына  көмүр ташууну күчөтүү тапшырмасын берди

Энергетика министри Таалайбек Ибраев "Кыргызкөмүр" ишканасына көмүр ташууну күчөтүү тапшырмасын берди. Ведомстводон маалымдашкандай, анда министр базадагы көмүрдүн көлөмү, ЖЭБге убагында жеткирүү иштери менен жеринде таанышты.

Министр "Балыкчы" филиалына калкка кесек көмүрдү арзан баада сатуу үчүн уюштурулган отун базаларына үзгүлтүксүз көмүр жеткирүүнү камсыздоону тапшырды. Ошондой эле күз-кыш мезгилинде көмүр тартыштыгын болтурбоо максатында айдоочуларга кошумча штат ачып, күнү-түнү кезектешип, калкка көмүр ташуу иштерин күчөтүүнү милдеттендирди.

2025-жылдын башынан бүгүнкү күнүнө чейин "Кыргызкөмүр" 770 614 миң тонна көмүр казып, 7,75 млн метр куб кыртыш ачуу иштерин жүргүздү. Натыйжада калкка 429 855,6 тонна, ал эми ЖЭБге 475 759,3 тонна көмүр жеткирилди. Казылган көмүрдүн жалпы көлөмү 905 614,9 тоннаны түздү.

 "Кыргызкөмүр" ААКсы күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өткөрүү үчүн калкты өз убагында арзан баадагы көмүр менен камсыз кылуу максатында облустарда жайгашкан 129 отун базалары менен келишим түзгөн. Учурда тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте тынчтык мыйзамына жараша коомдук тартипти сактоо көзөмөлдөнүүдө

Бишкекте тынчтык мыйзамына жараша коомдук тартипти сактоо көзөмөлдөнүүдө

Бишкек шаарынын ИИББнын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын, анын ичинде тынчтыкты жана коомдук тартипти сактоону камсыз кылуу боюнча түшүндүрүү иштерине багытталган профилактикалык иш-чараларды өткөрүшүүдө. Шаардык милициянын маалыматына ылайык, иш-чаралардын жүрүшүндө милиция кызматкерлери борбор калаадагы бир катар түнкү жана көңүл ачуучу жайларга барып, алардын ээлери, администраторлору жана кызматкерлери менен

Бажы кызматы: уюлдук телефон сатып алууда анын каттоодон өткөнүн текшериңиз

Бажы кызматы: уюлдук телефон сатып алууда анын каттоодон өткөнүн текшериңиз

Кыргызстанда уюлдук түзүлүштөрдү идентификациялоо боюнча жаңы талаптар 2025-жылдын август айынан тартып күчүнө кирген. Ушуга байланыштуу Бажы кызматы жарандарды смартфон сатып алууда анын расмий түрдө өлкөгө киргизилгенине жана каттоодон өткөнүнө көңүл бурууга чакырууда. Бул талаптардын негизги максаты — уюлдук түзүлүштөрдүн мыйзамдуу жүгүртүлүшүн камсыз кылуу, контрабандага бөгөт коюу жана керектөөчүлөрдүн укугун коргоо.

Россияда айдоочусу жок поезд сыноодон өтүп жатат

Россияда айдоочусу жок поезд сыноодон өтүп жатат

Россияда төртүнчү деңгээлдеги автоматташтыруу системасы менен жабдылган “Ласточка” электр поездин сынай башташты. Сыноолор Москвадагы борбордук шакек темир жолунда (МЦК) өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу РИА-Новости маалымдады. Билдирүүгө караганда, жаңы технологиянын өзгөчөлүгү — поездди башкаруу үчүн анын ичинде машинисттин болушу талап кылынбайт. Поезд өз алдынча ылдамдап, тормоз басып, эшиктерди ачып-жабат. Анын

Бостериде VIII Кыргыз-Россия экономикалык форуму болуп өттү

Бостериде VIII Кыргыз-Россия экономикалык форуму болуп өттү

2026-жылдын 6-7-августунда Ысык-Көл облусунун Бостери айылында өткөн VIII Кыргыз-Россия экономикалык форуму болуп өтту. Иш-чара Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын алкагында уюштурулуп, ага Кыргызстан менен Россиянын мамлекеттик органдарынын, бизнес ишканаларынын, өнүктүрүү институттарынын жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү катышты. Форумдун биринчи күнүнүн жыйынтыгында бир катар келишимдерге кол