Аймактарда өнөр жай продукциясын өндүрүүнүн көлөмү былтыркыга салыштырмалуу арбындады

Аймактарда өнөр жай продукциясын өндүрүүнүн көлөмү былтыркыга салыштырмалуу арбындады

КРнын Улуттук статистика комитетинин “Кыргыз Республикасы жана региондорундагы абал” тууралуу ар бир квалтал сайын берүүчү маалыматына караганда, өлкөнүн 7 дубанында өнөр жай продукциясын өндүрүүнүн көлөмү былтыркыга салыштырмалуу арбындады.

Былтыркы жылдын үчүнчү кварталына чейин өнөр жай продукциясын өндүрүүнүн көлөмү 415 920,0 сом болсо, быйыл 2025-жылдын үч кварталында 511 430,3 сомго барабар болгон.

Аймактарга бөлүп караганда, өндүрүмдүүлүктүн жыйынтыгы төмөнкүдөй (млн.сом):

Аймактар

2023-жылдын III чейреги

2024-жылдын III чейреги

2025-жылдын III чейреги

Баткен облусу

4 714,3

5664,9

7 379,4

Жалал-Абад облусу

35 819,8

40559,8

41 458,2

Ысык-Көл облусу

63 548,5

59341

74 299,2

Нарын облусу

2 909,5

4014,3

10 701,0

Ош облусу

12 253,4

13716,5

15 682,8

Талас облусу

18 699,2

25781,1

35 885,3

Чүй облусу

151 758,3

178887,8

226 008,8

Мындан сырткары Бишкек жана Ош шаарларынын өнөр жай өндүрүмдүүлүгү дагы өткөн жылкыга салыштырмалуу жогорулаган.

Бишкек шаары былтыркы жылдын 3-кварталында 58 862,1 сом тапкан болсо, 2025-жылдын 3 кварталында 90 659,5 сом тапкан. Ал эми Ош шаарында бул көрсөткүч 2024-жылы 6844,9 болсо, быйыл 9356,1ге чейин жогорулаган.

Мындан тышкары окуңуз

Чүй районунда 30 жаран акы төлөнүүчү коомдук иштерге катышты

Чүй районунда 30 жаран акы төлөнүүчү коомдук иштерге катышты

Чүй районуна эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Камчыбек Досматов жана БУУ Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Кыргызстандагы кеңсесинин директорунун орун басары Согжин барышты. Маалыматка ылайык, "Акы төлөнүүчү коомдук иштер" долбоордун кезектеги этабына Онбир-Жылга айыл өкмөтүнүн 30 тургуну катышып, социалдык жана сугат тутумун жакшыртууга багытталган

Бишкекте 17 жана 22 кабаттуу үйлөрдүн курулуш сапаты текшерилди

Бишкекте 17 жана 22 кабаттуу үйлөрдүн курулуш сапаты текшерилди

Бишкек шаарында курулуп жаткан 17 жана 22 кабаттуу турак үйлөрдөгү бетондун бекемдиги текшерилди. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди. Текшерүү Нуркамал Жетикашкаева көчөсү, 3А дарегиндеги курулуш объектилеринде жүргүзүлдү. Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун адистери бетондун иш жүзүндөгү бекемдигин аныктоо үчүн конструкцияга зыян келтирбеген атайын ыкма менен

Гендердик зомбулук боюнча улуттук изилдөөнүн жыйынтыктары талкууланды

Гендердик зомбулук боюнча улуттук изилдөөнүн жыйынтыктары талкууланды

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде гендердик зомбулуктун алдын алуу жана жабыр тарткан адамдарды коргоо боюнча маселелер каралды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, бул көйгөйлөр 24-августта өткөн гендердик зомбулук боюнча улуттук изилдөөнүн алдын ала жыйынтыктарын талкуулоого арналган жолугушууда көтөрүлдү. Эмгек министрдин орун басары Аида Исатбек

Улуттук банк баалуу металдардан жасалган 78-коллекциялык монетасын жүгүртүүгө чыгарды

Улуттук банк баалуу металдардан жасалган 78-коллекциялык монетасын жүгүртүүгө чыгарды

Бүгүн КРнын Улуттук банкы “Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары” сериясындагы “Тайган жарыш” күмүш монетасын жүгүртүүгө чыгарды. Билдирүүгө караганда, монета VI “Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары – 2026” иш-чарасына арналган жана кыргыз элинин маданий мурастарын сактоо жана жайылтуу максатында чыгарылды. “Тайган жарыш” - бул илгертен эле ар кандай элдик майрамдарда өткөрүлүп келген жана ал бүгүнкү күндө