Караколдо жашыл экономика жана жеке сектордун өсүшү талкууланды

Караколдо жашыл экономика жана жеке сектордун өсүшү талкууланды

Кечээ, Каракол шаарында GIZ Программасынын "Жашыл экономика жана жеке сектордун туруктуу өнүгүшү" боюнча Регионалдык Байкоочу кеңешинин жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Программа Германия Өкмөтүнүн, Европа Биримдигинин жана Швейцария Өкмөтүнүн колдоосу менен ишке ашырылууда.

Иш-чарага министрликтердин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ишкерлер ассоциацияларынын, жеке сектордун жана өнүгүү боюнча өнөктөштөрдүн өкүлдөрү катышышты.

Жыйында Программанын 2024-жылдын октябрынан 2025-жылдын октябрына чейинки ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары жана алдыдагы пландары талкууланды. Катышуучулар “Жашыл саясат”, “Жашыл практикалар” жана “Жашыл тандоо” багыттары боюнча отчеттор менен таанышты.

Иш-чаранын жыйынтыгында өлкө аймактарында жашыл экономиканы өнүктүрүү жана жеке сектордун туруктуу өсүшүн камсыз кылуу боюнча сунуштар иштелип чыкты.

Мындан тышкары окуңуз

10-декабрь - Адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо күнү

10-декабрь - Адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо күнү

Бүгүн президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды адам укуктарын коргоо күнү менен куттуктады. Өлкө башчы куттуктоо сөзүндө - бийлик жарандардын укуктарын коргоого, сот институттарын чыңдоого, демократиялык процесстерди өнүктүрүүгө жана сапаттуу билим берүүгө, ошондой эле саламаттыкты сактоо тармагына өзгөчө көңүл бурууга маани берерин билдирди. Ошондой эле мамлекет аялдарды, балдарды жана аялуу топторду коргоо,

“Кыргызкөмүр” быйыл 1 млн 209 миң тонна көмүр өндүрдү

“Кыргызкөмүр” быйыл 1 млн 209 миң тонна көмүр өндүрдү

“Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы жергиликтүү кеңештер менен биргеликте жалпы 138 социалдык көмүр кампа ачканын “Кыргыз көмүр” мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары Рустамбек Садыралиев “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди. "Бишкектеги социалдык кампаларда Кара-Кече көмүрүнүн бир тоннасы 5 миң 800 сом. Ал эми ар бир облуста, аймакта өзүнчө баалар коюлган. Быйыл, 2025-жылдын

Россия 877 тонна витаминделген унду Кыргызстандын түштүк регионуна жардам катары берди

Россия 877 тонна витаминделген унду Кыргызстандын түштүк регионуна жардам катары берди

Россиянын Оштогу башкы консулу Роман Свистин жана БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (ВПП) Кыргызстандагы директорунун орун басары Сурайя Хан өлкө тургундары үчүн гуманитардык жардамдын кезектеги партиясын тапшыруу аземине катышканы РФнын Бишкектеги элчилиги кабарлады. Маалыматка ылайык, 877 тонна витамининделген буудай унун Россия БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын алкагында жөнөткөн. 2025-жылы Кыргызстандын түштүк аймактарына

Банк жана финансы уюмдары үчүн жашыл каржылоо боюнча тренинг өттү

Банк жана финансы уюмдары үчүн жашыл каржылоо боюнча тренинг өттү

Бишкекте банк жана финансы уюмдары үчүн жашыл жана туруктуу каржылоону илгерилетүү, ESG-критейрилерин (экологиялык, социалдык жана башкаруу) өнүктүрүү жана банктарды жашыл каржы продуктылары менен иштөөгө даярдоого багытталган тренинг болуп өттү. Бул иш-чараны КРнын Экономика жана коммерция министрлиги Глобалдык жашыл өсүү институту (GGGI) жана Германиянын Эл аралык кызматташтык коому (GIZ) менен биргеликте