«Туруктуу туризмди өнүктүрүү. Көмүртек изин кыскартуу» аттуу тегерек стол өттү

«Туруктуу туризмди өнүктүрүү. Көмүртек изин кыскартуу» аттуу тегерек стол өттү

Бүгүн Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылында КРнын Экономика жана коммерция министрлигинин орун басары Медербек Тумановдун төрагалыгы алдында жыл сайын өткөрүлүп келген «Жашыл экономика» форумунун алкагындагы «Туруктуу туризмди өнүктүрүү. Көмүртек изин кыскартуу» аттуу тегерек стол болуп өттү.

Аталган министрликтин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, тегерек столдун негизги максаты — аймактарда туруктуу туризмди өнүктүрүү боюнча практикалык чараларды талкуулоо, көмүртек бөлүнүүлөрүн кыскартуу жана жашыл экономика чөйрөсүндө мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү бекемдөө болду. Иш-чарага мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын, туристтик бизнес өкүлдөрүнүн жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү катышышты.

Катышуучулар туристтик тармакка экологиялык стандарттарды киргизүүнүн, жашыл демилгелерди илгерилетүүнүн жана жергиликтүү жамааттарды колдоонун маанилүүлүгүн белгилешти. Талкуунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасында аз көмүртек жана туруктуу туризмди өнүктүрүүгө багытталган сунуштар иштелип чыкты.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкек жана Оштун электр тармактарына заманбап эсептегичтер берилди

Бишкек жана Оштун электр тармактарына заманбап эсептегичтер берилди

Ош жана Бишкекке электр жарыгын автоматташтырылган коммерциялык эсепке алуу системасы үчүн жаңы жабдуулар алынды. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Ош шаарына 35 976 даана бир фазалуу жана 6 800 даана үч фазалуу эсептегич, ошондой эле маалыматтарды чогултуу жана берүүчү 820 даана түзмөк жеткирилген. Борбор калаага

Токой кызматы Жаратылыш ресурстары министрлигинин карамагына өттү

Токой кызматы Жаратылыш ресурстары министрлигинин карамагына өттү

Токой кызматы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин карамагынан чыгарылып, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине өткөрүлдү.  Тиешелүү токтомго Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Кызмат менен кошо анын кызматкерлери, каржылоосу жана материалдык-техникалык базасы да жаңы министрликке өтөт. Эми Жаратылыш ресурстары министрлиги токойлорду сактоо, калыбына келтирүү жана пайдалануу, токой кадастрын

Улуттук банк накталай рублге байланыштуу кырдаалга түшүндүрмө берди

Улуттук банк накталай рублге байланыштуу кырдаалга түшүндүрмө берди

Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдүн банктарында накталай орус рубли менен жүргүзүлгөн операцияларга коюлган талаптар күчөтүлүүдө. Бул көрүнүш Кыргызстанда да байкалып, валюта рыногунда рубль менен операция жүргүзгөндөр үчүн көйгөй жаратууда. Эл аралык ЖМКнын маалыматтарына таянсак, Казакстан менен Беларуста айрым банктар накталай рубль менен операциялар үчүн комиссияны 10–20%га чейин жогорулаткан.

Манас шаарында президенттик лицейдин курулушунда 443,5 млн сом үнөмдөлдү

Манас шаарында президенттик лицейдин курулушунда 443,5 млн сом үнөмдөлдү

Манас шаарындагы "Акылман" президенттик мектеп-лицейиндеги курулуш иштери аяктоо алдында турат. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Долбоорго ылайык, мекемеде 360 орундуу окуу корпусу, 410 орундуу жатакана, мугалимдер үчүн 25 батирден турган беш кабаттуу турак жай, лабораториялар, китепкана, 25 метрлик