Кара-Кече ЖЭСинин курулушуна келишим түзүү тендери ишке ашкан жок

Кара-Кече ЖЭСинин курулушуна келишим түзүү  тендери ишке ашкан жок

“Электр станциялары” ААКсы Кара-Кече ЖЭСинин курулушуна EPC-келишимин түзүүгө тендер ишке ашкан жок деп кабыл алынганын билдирди.

Станциянын пландалган кубаттуулугу – 1 миң 200 мегаватт. 

  • Биринчи этабы – 300 мегаваттан эки энергоблокту куруу. Куруу мөөнөтү – 36,5 ай.
  • Экинчи этап – 600 мегаваттка бир блок. Объектини толук ишке киргизүү – 54,5 ай. 

Үч блок толук курулуп бүткөндөн кийин жылдык электр энергиясын иштеп чыгуу 7,8 млрд киловатт-саат болушу керек.

ТЭСти Нарын облусунун Жумгал районунун Дыйкан айылынан 8 километр жогору 118 гектар жерге куруу пландашылган. 

Аталган участок Кара–Кече көмүр кенинен 35 километр алыстыкта жайгашкан.  Биринчи этаптын баасын – 934,38 млн, экинчисин – 370,6 млн доллар деп баалашкан.

Тендер катышуучусу:

·       1 миң мегаватт кубаттуулуктагы ТЭСти долбоорлоо, куруу жана эксплуатациялоо тажрыйбасы;

·       жогорку чыңалуудагы электр линияларын жана подстанцияларды куруу тажрыйбас;

·        эл аралык статус жана өлкө сыртында катталган 3төн кем эмес филиал;

·       инжинирингдик кызматтарды сатуунун жылдык көлөмү(EPC-келишимди кошкондо)

·       туруктуу штат – 100 кызматкерден кем эмес.

Эске салсак Кара-Кече ЖЭСи Кыргызстан энергетикалык коопсуздугуну негизги долбоорлорунун бири. Аны ишке киргизүү электр энергиясынын импортуна көз карандуулукту азайтат. 

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан жыл башынан бери 9,3 миң тоннадан ашык кант экспорттоду

Кыргызстан жыл башынан бери 9,3 миң тоннадан ашык кант экспорттоду

2026-жылы Кыргызстандан 9 357,3 тонна кант экспорттолду. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, быйыл өлкө боюнча 11 800 гектар жерге кант кызылчасы айдалган. Кант кызылчасын өстүрүү жана кант өндүрүшүн өнүктүрүү өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга, кайра иштетүү тармагынын

Чүйдө калдыктар кайра иштетилип, башаламан таштанды төгүүчү жайлар азаят

Чүйдө калдыктар кайра иштетилип, башаламан таштанды төгүүчү жайлар азаят

Чүй облусундагы таштанды төгүлүүчү жайларда топтолгон калдыктарды Бишкектеги кайра иштетүүчү заводго жеткирүү маселеси боюнча жолугушуу өттү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, жыйынга Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн аппаратынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, райондук администрациялардын жана айыл өкмөттөрүнүн өкүлдөрү, шаарлардын мэриялары, ошондой эле

Улуттук банк эсептик чендин өлчөмүн 12,00 % деңгээлинде  калтырды

Улуттук банк эсептик чендин өлчөмүн 12,00 % деңгээлинде калтырды

КРнын Улуттук банкынын Башкармасы эсептик ченди 12,00 % деңгээлинде сактоо чечимин кабыл алды. Акыркы жолу эсептик чен 2026-жылдын февраль айында 11%дан 12%га жогорулаган. Улуттук банктын өкүлдөрүнүн билдирүүсунө караганда, тышкы шарттар өлкөдөгү баалардын динамикасын аныктоочу негизги фактор бойдон калууда. Эсептик ченге байланышкан басма сөз жыйынынын жүрүшүндө төраганын орун

Кыргызстанда эт тармагын өнүктүрүүгө багытталган долбоорлор ишке ашат

Кыргызстанда эт тармагын өнүктүрүүгө багытталган долбоорлор ишке ашат

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде Ишкерлер союзунун өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өттү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, талкууда учурдагы инфратүзүмдү натыйжалуу пайдалануу, инвестиция тартуу жана мал өндүрүүчүлөр, бордоп семиртүүчү чарбалар менен кайра иштетүүчү ишканалардын кызматташтыгын өнүктүрүүгө көңүл бурулду. Белгиленгендей, эт багытын