Кыргызстан менен Кытайдын соода жүгүртүүсү 22 млрд долларга жетти

Кыргызстан менен Кытайдын соода жүгүртүүсү 22 млрд долларга жетти

Кыргызстан менен Кытайдын өкүлдөрү агроөнөр жай тармагында кызматташуу маселелерин талкуулады. Жолугушууда жашылча-жемиштер жана дарылык касиети бар өсүмдүктөрдүн үрөндөрүн өндүрүүдө биргелешкен иштерге өзгөчө көңүл бурулду. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Суусамыр өрөөнүндөгү алтыгана-карагана бадалын жок кылуу жана аны кайра иштетүү аркылуу тоют жана жер семирткич чыгаруу боюнча биргелешкен ишкана куруу да макулдашылды. Андан тышкары, картошка өстүрүүдө Кытайдын атайын техникалары, тажрыйба алмашуу жана адистерди даярдоо маселеси каралды.

Статистикалык маалыматка ылайык, Кыргызстан менен Кытайдын соода жүгүртүүсү 2024-жылы 23 млрд долларга жеткен, ал эми быйылкы жылдын тогуз айында 22 млрд долларды түздү. Айыл чарба продукцияларын экспорттоо көрсөткүчү эки эсеге өскөн.

Бул кызматташуу эки өлкөнүн соода алакасын кеңейтүүгө жана агроөнөр жай өндүрүшүн модернизациялоого чоң мүмкүнчүлүк түзөт.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан жыл башынан бери 9,3 миң тоннадан ашык кант экспорттоду

Кыргызстан жыл башынан бери 9,3 миң тоннадан ашык кант экспорттоду

2026-жылы Кыргызстандан 9 357,3 тонна кант экспорттолду. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, быйыл өлкө боюнча 11 800 гектар жерге кант кызылчасы айдалган. Кант кызылчасын өстүрүү жана кант өндүрүшүн өнүктүрүү өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга, кайра иштетүү тармагынын

Чүйдө калдыктар кайра иштетилип, башаламан таштанды төгүүчү жайлар азаят

Чүйдө калдыктар кайра иштетилип, башаламан таштанды төгүүчү жайлар азаят

Чүй облусундагы таштанды төгүлүүчү жайларда топтолгон калдыктарды Бишкектеги кайра иштетүүчү заводго жеткирүү маселеси боюнча жолугушуу өттү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, жыйынга Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн аппаратынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, райондук администрациялардын жана айыл өкмөттөрүнүн өкүлдөрү, шаарлардын мэриялары, ошондой эле

Улуттук банк эсептик чендин өлчөмүн 12,00 % деңгээлинде  калтырды

Улуттук банк эсептик чендин өлчөмүн 12,00 % деңгээлинде калтырды

КРнын Улуттук банкынын Башкармасы эсептик ченди 12,00 % деңгээлинде сактоо чечимин кабыл алды. Акыркы жолу эсептик чен 2026-жылдын февраль айында 11%дан 12%га жогорулаган. Улуттук банктын өкүлдөрүнүн билдирүүсунө караганда, тышкы шарттар өлкөдөгү баалардын динамикасын аныктоочу негизги фактор бойдон калууда. Эсептик ченге байланышкан басма сөз жыйынынын жүрүшүндө төраганын орун

Кыргызстанда эт тармагын өнүктүрүүгө багытталган долбоорлор ишке ашат

Кыргызстанда эт тармагын өнүктүрүүгө багытталган долбоорлор ишке ашат

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде Ишкерлер союзунун өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өттү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, талкууда учурдагы инфратүзүмдү натыйжалуу пайдалануу, инвестиция тартуу жана мал өндүрүүчүлөр, бордоп семиртүүчү чарбалар менен кайра иштетүүчү ишканалардын кызматташтыгын өнүктүрүүгө көңүл бурулду. Белгиленгендей, эт багытын