Кыргызстан өнөр жай, технология тармагындагы аялдарды өнүктүрүү жана колдоо боюнча Эл аралык кеңешке кошулду

Кыргызстан өнөр жай, технология тармагындагы аялдарды өнүктүрүү жана колдоо боюнча Эл аралык кеңешке кошулду

4-5-ноябрда, Жакарта шаарында Индонезия менен Россиянын жогорку технологиялык тармактарындагы «Өнөр жай жана технологияны туруктуу өнүктүрүү үчүн кызматташтык» аттуу аялдардын форуму болуп өттү. Иш-чараны «Росатом» мамлекеттик корпорациясы, Евразия аялдар форумунун кеңеши жана Индонезиянын ядролук коому (HIMNI) уюштурду.

Форумга 17 өлкөдөн келген 150дөн ашык катышуучу - алардын ичинде атомдук өнөр жай, технологиялык тармактын, медицина, билим берүү жана илимий уюмдардын өкүлдөрү катышышты. Катышуучулар жогорку технологиялуу тармакты өнүктүрүү жана аялдардын экономикалык трансформациядагы ролу тууралуу талкуулашты.

Индонезиянын атомдук өнөр жайынын эксперттери эң алдыңкы билимдер жана технологиялар «Росатом» мамлекеттик корпорациясынан чыгаарын баса белгилешти. Талкуунун жүрүшүндө адам капиталын өнүктүрүү, «жашыл» экономика, атомдук технология жана ядролук медицина маселелери козголду.

Өнөр жай жана технология тармагындагы аялдарды өнүктүрүү жана колдоо боюнча эл аралык кеңештин курамынын кеңейиши ишчаранын өзөктүү окуясы болуп калды. Кыргызстан башка катышуучу-өлкөлөр менен бирге эле Кеңешке расмий түрдө кошулду.

«Ушул жылдын сентябрь айында биз 16 өлкөдө өнөр жай жана технология тармагындагы аялдарды колдоо жана өнүктүрүү боюнча эң мыкты тажрыйбаларды эл аралык кароого сунуштаганбыз. Ал эми бүгүн Жакартадагы Кеңештин жыйынтыктоочу отурумунда өлкөлөрдүн тизмеси 20га чейин жетип: Кыргызстан, Беларусь, Намибия жана Танзания ага кошулуп олтурат. Кийинки жылы биз бул өлкөлөрдө жогорку технологиялуу тармактагы аялдарды колдоо боюнча аналитикалык маалыматтар камтылган төрт жаңы бөлүмгө күбө болобуз», - деди «Росатом» мамлекеттик корпорациясынын персонал боюнча башкы директорунун орун басары Татьяна Терентьева.

Кыргыз Республикасынын Аялдар конгрессинин президенти Замира Акбагышева өлкө алдында - шамал жана гидроэнергетикалык балансты гана эмес, атомдук энергетиканы түзүүнүн маанилүү тапшырмасы тургандыгын белгиледи.

«Ошондуктан, биз, Кыргызстандын аялдары, Кеңештин демилгелерин ар тараптуу жана креативдүү түрдө колдоп, жаңы чечимдерди сунушташыбыз керек. Кыргызстан Аялдар конгресси калкка тынчтык максаттагы атомдук энергиянын пайдасын түшүндүрүү боюнча ишин уланта берет. Биз өлкөбүздүн тең салмактуу энергетика тармагына жетишине кызыкдарбыз», - деп белгиледи Замира Акбагышева.

Форумдун алкагында ошондой эле Индонезия Республикасынын Коргоо Университетинин базасындагын «аялдар STEMде» аттуу эл аралык насаатчылык сессиясы да болуп өттү. 180ден ашык техникалык адистиктеги студенттер лидерлик компитенттүүлүктү өнүктүрүү, стереотиптерди жеңүү жана инженерия менен технология жаатындагы аялдар үчүн карьералык мүмкүнчүлүктөрдү эксперттер менен талкуулашты.

Форум өлкөлөрдүн эл аралык кызматташтыкты чыңдоого жана илим, технология, энергетикадагы аялдардын лидерлигин илгерилетүүгө болгон аракетин дагы бир жолу тастыктады. Өнөр жай жана технология жаатындагы аялдарды өнүктүрүү жана колдоо боюнча эл аралык кеңештин төрагалыгы 2026-жылы Индонезиядан Казакстанга өткөрүлүп берилмекчи.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектеги “Унаа” ишканасынын айрым бөлүмдөрү эки күн иштебейт

Бишкектеги “Унаа” ишканасынын айрым бөлүмдөрү эки күн иштебейт

Бишкектеги “Унаа” мамлекеттик ишканасынын айрым бөлүмдөрү 31-августта жана 1-сентябрда иштебейт. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди. 31-августта Эгемендүүлүк күнүнө байланыштуу “Унаанын” өлкө боюнча бардык бөлүмдөрү жабык болот. 1-сентябрда аймактык бөлүмдөр өз ишин улантат. Бирок ШКУ саммитине байланыштуу Бишкектеги Аламүдүн, “Биримдик”, Чыгыш жана “Аю Гранд” соода борборундагы

Ошто мектепке кирип-чыгууга тоскоол болгон жайлар алынууда

Ошто мектепке кирип-чыгууга тоскоол болгон жайлар алынууда

Ош шаарындагы Жетимишов көчөсүндө жайгашкан Барпы Алыкулов атындагы мектептин айланасы иретке келтирилип жатат. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Мекемеге кирип-чыгууга тоскоолдук жараткан унаа жуучу жана башка мыйзамсыз жайгашкан жайлар алып салынууда. Белгиленгендей, мектептин айланасын иретке келтирүү иштери окуучулардын коопсуздугун камсыздоо жана жөө жүрүүчүлөр үчүн ыңгайлуу шарт

Кел-Сууга барчу жол сүрүлүп, тегизделүүдө

Кел-Сууга барчу жол сүрүлүп, тегизделүүдө

Нарын облусунун Ат-Башы районунда Кел-Суу көлүнө алып баруучу жолдо оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди. Учурда туристтик сезонго байланыштуу Ат-Башы – Кында – Торугарт унаа жолунун үстүн сүрүп-тегиздөө иштери күчөтүлдү. Кел-Суу көлүнө туристтер көп баргандыктан, сезондо бул багытта унаалардын агымы көбөйөт. Буга байланыштуу

Жайыл районунда коомдук ынтымакты бекемдөө маселеси талкууланды

Жайыл районунда коомдук ынтымакты бекемдөө маселеси талкууланды

24-августта Жайыл районунда улуттар аралык, этностор аралык жана конфессиялар аралык ынтымакты чыңдоо боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу Чүй облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, иш-чара район акими Имамназар Буркановдун демилгеси менен уюштурулуп, ага район акимдигинин өкүлдөрү, Жайыл РИИБдин башчысы М.Калманбетов, этникалык маселелер боюнча