2025-жылдын 10 айында салык төгүмдөрү пландан ашыгы менен жыйналды

2025-жылдын 10 айында салык төгүмдөрү пландан ашыгы менен жыйналды

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Мирлан Рахманов Салык кызматынын 2025-жылдын январь–октябрь айларындагы иштеринин жыйынтыктары тууралуу маалымат берди.

Анын маалыматына караганда, үстүбүздөгү жылдын 10 айында Мамлекеттик салык кызматы тарабынан 310,4 млрд сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү чогултулган. Пландык көрсөткүчтөр 104,3%га ашыгы менен аткарылып, 12,7 млрд сомго көп жыйналды. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу түшүүлөр 73,2 млрд сомго көбөйдү, өсүү ыргагы 130,9%ды түздү.

 « Статистикага кайрылсак, республикалык жана жергиликтүү бюджеттерге түшкөн салыктык түшүүлөр 10 айдын ичинде 243 млрд сомдон ашты. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 66 млрд сомго көп. Өсүү 137%ды түздү. Ошондой эле, бизге социалдык камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултуу да жүктөлгөн. Бул багытта дагы оң динамика байкалууда. 10 ай ичинде 66 млрд сомдон ашык каражат чогултулду, өткөн жылга караганда 6,7 млрд сомго көп», — деп билдирди Мирлан Рахманов.

 

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кыргызстан ЭСКАТО менен кызматташууну кеңейтет

5-ноябрдан тарта Бишкектеги көчөдө чектөө болот

Финансы министрлигинде демилгелүү бюджеттөө боюнча семинар өттү

ИИМ башчысы Астанада эл аралык конференцияга катышууда

Мамлекеттик сатып алууларда эң арзан баа эмес, эң пайдалуу сунуш тандалышы мүмкүн