Кыргызстан менен Россиянын финансы адистери бюджеттин кирешелерин болжолдоо ыкмаларын талкуулашты

Кыргызстан менен Россиянын финансы адистери бюджеттин кирешелерин болжолдоо ыкмаларын талкуулашты

КРнын Финансы министрлиги менен Россия Федерациясынын Финансы министрлигинин эки тараптуу кызматташуу программасынын алкагында “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин кирешелерин болжолдоонун ыкмаларын өнүктүрүү” темасында онлайн-семинар болуп өттү. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Семинарга КРнын Финансы министрлигинин Мамлекеттик кирешелерди талдоо жана божомолдоо башкармалыгынын начальниги Алмазбек Тойчубаевич Кочкоров, Программанын эксперти, Россия Федерациясынын Финансы министрлигине караштуу Илимий-изилдөө финансылык институту (ИИФИ) Мамлекеттик кирешелерди божомолдоо жана талдоо багытынын жетекчиси, экономика илимдеринин кандидаты Сергей Сергеевич Судаков жана ИИФИнин башка өкүлдөрү катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө мамлекеттик бюджеттин кирешелерин болжолдоонун сапатын жогорулатуу маселелери талкууланып, 2030-жылга чейинки орто жана узак мөөнөттүү мезгилге карата киреше болжолун түзүүнүн заманбап ыкмалары сунушталды.

Ушул сыяктуу семинарларды өткөрүү КРнын Финансы министрлигинин адистеринин эксперттик потенциалын бекемдөөгө жана мамлекеттик бюджеттин кирешелерин талдоо жана болжолдоонун жаңы ыкмаларын өнүктүрүүгө чоң салым кошот.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто мектепке кирип-чыгууга тоскоол болгон жайлар алынууда

Ошто мектепке кирип-чыгууга тоскоол болгон жайлар алынууда

Ош шаарындагы Жетимишов көчөсүндө жайгашкан Барпы Алыкулов атындагы мектептин айланасы иретке келтирилип жатат. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Мекемеге кирип-чыгууга тоскоолдук жараткан унаа жуучу жана башка мыйзамсыз жайгашкан жайлар алып салынууда. Белгиленгендей, мектептин айланасын иретке келтирүү иштери окуучулардын коопсуздугун камсыздоо жана жөө жүрүүчүлөр үчүн ыңгайлуу шарт

Кел-Сууга барчу жол сүрүлүп, тегизделүүдө

Кел-Сууга барчу жол сүрүлүп, тегизделүүдө

Нарын облусунун Ат-Башы районунда Кел-Суу көлүнө алып баруучу жолдо оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди. Учурда туристтик сезонго байланыштуу Ат-Башы – Кында – Торугарт унаа жолунун үстүн сүрүп-тегиздөө иштери күчөтүлдү. Кел-Суу көлүнө туристтер көп баргандыктан, сезондо бул багытта унаалардын агымы көбөйөт. Буга байланыштуу

Жайыл районунда коомдук ынтымакты бекемдөө маселеси талкууланды

Жайыл районунда коомдук ынтымакты бекемдөө маселеси талкууланды

24-августта Жайыл районунда улуттар аралык, этностор аралык жана конфессиялар аралык ынтымакты чыңдоо боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу Чүй облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, иш-чара район акими Имамназар Буркановдун демилгеси менен уюштурулуп, ага район акимдигинин өкүлдөрү, Жайыл РИИБдин башчысы М.Калманбетов, этникалык маселелер боюнча

Ала-Букада атайын техникаларга 19 млн сомдон ашык каражат жумшалды

Ала-Букада атайын техникаларга 19 млн сомдон ашык каражат жумшалды

Ала-Бука районунун Төрөгелди Балтагулов айыл аймагына жалпы 19 млн 437 миң сомго атайын техникалар жана автоунаа сатып алынды. Бул тууралуу аймактык мамлекеттик админстрациядан билдиришти. Маалыматка ылайык, райондук өнүктүрүү фондунун каражатынан 18 млн 287 миң сомго үч атайын техника алынган. Алардын катарында 10 млн 300 миң сомдук экскаватор, 4 млн