Кыргызстан Россия сырын, быштагын быйыл көп сатып алган

Кыргызстан Россия сырын, быштагын быйыл көп сатып алган

“Агроэкспорт” федералдык борбору Кыргызстан Россиянын сыр жана быштагын көп сатып алган 10 өлкөнүн ичине киргенин маалымдады. 

Россия 2015-жылдын 8 айлык жыйынтыгы боюнча 110 млн долларга 21 миң тонна сыр жана быштак экспорттогон. Бул 2014-жылга салыштырмалуу 17%га көп. 

Бул сүт азыктарын сатып алуучулардын лидерлери Казакстан менен Беларусия. Өткөн жылы бул 10 өлкөгө Өзбекстан, Кыргызстан, Азербайжан, Армения, Кытай, Грузия, Түркмөнстан жана Тажикстан кирген. 

Буга чейин “Союзмолоко” сүт өндүрүүчүлөр союзунун башкы директору Артем Белов россиялык сут азыктарынын импорту бул жылы 9 пайызга төмөндорүн билдирген. Буга жыл ичиндеги сүт өндүрүү бизнесиндеги кирешенин жай өсүшү жана сүт азыктарынын кымбаттоосу себеп болгон. 

Мындан тышкары окуңуз

Ошто мектепке кирип-чыгууга тоскоол болгон жайлар алынууда

Ошто мектепке кирип-чыгууга тоскоол болгон жайлар алынууда

Ош шаарындагы Жетимишов көчөсүндө жайгашкан Барпы Алыкулов атындагы мектептин айланасы иретке келтирилип жатат. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Мекемеге кирип-чыгууга тоскоолдук жараткан унаа жуучу жана башка мыйзамсыз жайгашкан жайлар алып салынууда. Белгиленгендей, мектептин айланасын иретке келтирүү иштери окуучулардын коопсуздугун камсыздоо жана жөө жүрүүчүлөр үчүн ыңгайлуу шарт

Кел-Сууга барчу жол сүрүлүп, тегизделүүдө

Кел-Сууга барчу жол сүрүлүп, тегизделүүдө

Нарын облусунун Ат-Башы районунда Кел-Суу көлүнө алып баруучу жолдо оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди. Учурда туристтик сезонго байланыштуу Ат-Башы – Кында – Торугарт унаа жолунун үстүн сүрүп-тегиздөө иштери күчөтүлдү. Кел-Суу көлүнө туристтер көп баргандыктан, сезондо бул багытта унаалардын агымы көбөйөт. Буга байланыштуу

Жайыл районунда коомдук ынтымакты бекемдөө маселеси талкууланды

Жайыл районунда коомдук ынтымакты бекемдөө маселеси талкууланды

24-августта Жайыл районунда улуттар аралык, этностор аралык жана конфессиялар аралык ынтымакты чыңдоо боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу Чүй облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, иш-чара район акими Имамназар Буркановдун демилгеси менен уюштурулуп, ага район акимдигинин өкүлдөрү, Жайыл РИИБдин башчысы М.Калманбетов, этникалык маселелер боюнча

Ала-Букада атайын техникаларга 19 млн сомдон ашык каражат жумшалды

Ала-Букада атайын техникаларга 19 млн сомдон ашык каражат жумшалды

Ала-Бука районунун Төрөгелди Балтагулов айыл аймагына жалпы 19 млн 437 миң сомго атайын техникалар жана автоунаа сатып алынды. Бул тууралуу аймактык мамлекеттик админстрациядан билдиришти. Маалыматка ылайык, райондук өнүктүрүү фондунун каражатынан 18 млн 287 миң сомго үч атайын техника алынган. Алардын катарында 10 млн 300 миң сомдук экскаватор, 4 млн