Ош областында “Көкчө-Көз” транспорттук-логистикалык борбору иштей баштады

Ош областында “Көкчө-Көз” транспорттук-логистикалык борбору иштей баштады

Кыргызстандын түштүк аймагында "Көкчө-Көз" логистикалык борбору ачылды. Бул тууралуу Россия-кыргыз өнүгүү фондунан маалымдап, Ош облусунун Кара-Суу районунда заманбап "Көкчө-Көз" транспорттук-логистикалык борборунун ийгиликтүү ишке киргизилгендигин жарыялады.

Маалыматка караганда, бул стратегиялык жактан маанилүү долбоор Кыргызстандын түштүк бажы постторунун өткөрүү жөндөмдүүлүгүн бир кыйла жогорулатууга багытталган. 17 гектар аянтты ээлеген Көкчө-Көз  борбору күнүнө 700гө чейин жүк ташуучу унааны кабыл ала алат.

 РКӨФ бул стратегиялык долбоорго 3,5 миллион доллардан ашык инвестиция салган, ал эми долбоордун жалпы наркы 8 миллион долларды түзөт.

Фонддун башкармасынын төрагасы Артем Новиковдун айтымында, долбоор өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнө олуттуу салым кошот. 100дөн ашык жаңы туруктуу жумуш орундарын түзүп, салыктардан жана бажы алымдарынан түшкөн кирешелердин көбөйүшүнүн натыйжасында аймактын инфраструктурасын жакшырат.

Ал Эркечтам-Ош-Өзбекстан автожолунун боюндагы эң жакын калктуу конуштардан үч чакырым алыстыкта жайгашкандыктан, Оштогу жол тыгынын натыйжалуу түрдө азайтат.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто мектепке кирип-чыгууга тоскоол болгон жайлар алынууда

Ошто мектепке кирип-чыгууга тоскоол болгон жайлар алынууда

Ош шаарындагы Жетимишов көчөсүндө жайгашкан Барпы Алыкулов атындагы мектептин айланасы иретке келтирилип жатат. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Мекемеге кирип-чыгууга тоскоолдук жараткан унаа жуучу жана башка мыйзамсыз жайгашкан жайлар алып салынууда. Белгиленгендей, мектептин айланасын иретке келтирүү иштери окуучулардын коопсуздугун камсыздоо жана жөө жүрүүчүлөр үчүн ыңгайлуу шарт

Кел-Сууга барчу жол сүрүлүп, тегизделүүдө

Кел-Сууга барчу жол сүрүлүп, тегизделүүдө

Нарын облусунун Ат-Башы районунда Кел-Суу көлүнө алып баруучу жолдо оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди. Учурда туристтик сезонго байланыштуу Ат-Башы – Кында – Торугарт унаа жолунун үстүн сүрүп-тегиздөө иштери күчөтүлдү. Кел-Суу көлүнө туристтер көп баргандыктан, сезондо бул багытта унаалардын агымы көбөйөт. Буга байланыштуу

Жайыл районунда коомдук ынтымакты бекемдөө маселеси талкууланды

Жайыл районунда коомдук ынтымакты бекемдөө маселеси талкууланды

24-августта Жайыл районунда улуттар аралык, этностор аралык жана конфессиялар аралык ынтымакты чыңдоо боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу Чүй облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, иш-чара район акими Имамназар Буркановдун демилгеси менен уюштурулуп, ага район акимдигинин өкүлдөрү, Жайыл РИИБдин башчысы М.Калманбетов, этникалык маселелер боюнча

Ала-Букада атайын техникаларга 19 млн сомдон ашык каражат жумшалды

Ала-Букада атайын техникаларга 19 млн сомдон ашык каражат жумшалды

Ала-Бука районунун Төрөгелди Балтагулов айыл аймагына жалпы 19 млн 437 миң сомго атайын техникалар жана автоунаа сатып алынды. Бул тууралуу аймактык мамлекеттик админстрациядан билдиришти. Маалыматка ылайык, райондук өнүктүрүү фондунун каражатынан 18 млн 287 миң сомго үч атайын техника алынган. Алардын катарында 10 млн 300 миң сомдук экскаватор, 4 млн