Мамлекеттик сатып алуулар боюнча Көз карандысыз комиссиясына кабыл алуу жарыяланды

Мамлекеттик сатып алуулар боюнча Көз карандысыз комиссиясына кабыл алуу жарыяланды

Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаменти Административдик даттанууларды жана кайрылууларды кароо боюнча Көз карандысыз комиссиянын курамына ачык кабыл алууну жарыялады.  

Көз карандысыз комиссия коомчулуктун өкүлдөрүнөн, юристтерден жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча сертификаты бар адистерден турат. Көз карандысыз комиссиянын бардык мүчөлөрү мамлекеттик сатып алуулар жаатында сертификатка ээ болушу керек. 
Финансы министрлигинин 2023-жылдын 14-ноябрындагы №7-Б буйругу менен бекитилген Даттануулар жана кайрылуулар боюнча көз карандысыз комиссияны тандоо боюнча нускаманын 2-бөлүмүнүн 4-пунктуна ылайык, аталган комиссиянын курамы өзүнө коомчулуктун өкүлдөрүн, мамлекеттик сатып алуулар жаатындагы сертификаты бар адистерди, ошондой эле юриспруденция жаатындагы адистерди камтыган үч топтон турат. 

Көз карандысыз комиссиянын курамы 15 мүчөдөн кем эмес болушу керек жана:  

3/1и – юриспруденция тармагындагы адистерден; 

3/1и – мамлекеттик сатып алуулар боюнча сертификаты бар адистерден; 

3/1и – коомчулуктун өкүлдөрүнөн турат.

Нускаманын  8-главасынын 2-пунктуна ылайык, Көз карандысыз комиссиянын мүчөлөрүн жана резервдин курамын тандоо, ошондой эле Көз карандысыз комиссиянын мүчөлөрүнүн иши боюнча отчетторду кароо үчүн мамлекеттик сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Мамлекеттик сатып алуулар боюнча эксперттик кеңеш түзүлөт. 

Мындан тышкары окуңуз

Ошто мектепке кирип-чыгууга тоскоол болгон жайлар алынууда

Ошто мектепке кирип-чыгууга тоскоол болгон жайлар алынууда

Ош шаарындагы Жетимишов көчөсүндө жайгашкан Барпы Алыкулов атындагы мектептин айланасы иретке келтирилип жатат. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Мекемеге кирип-чыгууга тоскоолдук жараткан унаа жуучу жана башка мыйзамсыз жайгашкан жайлар алып салынууда. Белгиленгендей, мектептин айланасын иретке келтирүү иштери окуучулардын коопсуздугун камсыздоо жана жөө жүрүүчүлөр үчүн ыңгайлуу шарт

Кел-Сууга барчу жол сүрүлүп, тегизделүүдө

Кел-Сууга барчу жол сүрүлүп, тегизделүүдө

Нарын облусунун Ат-Башы районунда Кел-Суу көлүнө алып баруучу жолдо оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди. Учурда туристтик сезонго байланыштуу Ат-Башы – Кында – Торугарт унаа жолунун үстүн сүрүп-тегиздөө иштери күчөтүлдү. Кел-Суу көлүнө туристтер көп баргандыктан, сезондо бул багытта унаалардын агымы көбөйөт. Буга байланыштуу

Жайыл районунда коомдук ынтымакты бекемдөө маселеси талкууланды

Жайыл районунда коомдук ынтымакты бекемдөө маселеси талкууланды

24-августта Жайыл районунда улуттар аралык, этностор аралык жана конфессиялар аралык ынтымакты чыңдоо боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу Чүй облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, иш-чара район акими Имамназар Буркановдун демилгеси менен уюштурулуп, ага район акимдигинин өкүлдөрү, Жайыл РИИБдин башчысы М.Калманбетов, этникалык маселелер боюнча

Ала-Букада атайын техникаларга 19 млн сомдон ашык каражат жумшалды

Ала-Букада атайын техникаларга 19 млн сомдон ашык каражат жумшалды

Ала-Бука районунун Төрөгелди Балтагулов айыл аймагына жалпы 19 млн 437 миң сомго атайын техникалар жана автоунаа сатып алынды. Бул тууралуу аймактык мамлекеттик админстрациядан билдиришти. Маалыматка ылайык, райондук өнүктүрүү фондунун каражатынан 18 млн 287 миң сомго үч атайын техника алынган. Алардын катарында 10 млн 300 миң сомдук экскаватор, 4 млн