Кыргызстан инвестицияларды Туруктуу өнүктүрүүгө багыттайт

Кыргызстан инвестицияларды Туруктуу өнүктүрүүгө багыттайт

Финансы министрлиги БУУнун Өнүктүрүү программасынын (ПРООН) колдоосу менен Туруктуу өнүктүрүү максаттары (ТӨМ) боюнча мамлекеттик инвестициялар программасын маркировкалоо процессин аяктады. Тегерек столдо мамлекеттик инвестициялык долбоорлорду комплекстүү баалоонун жыйынтыктары талкууланды. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Демилге Өкмөттүн жана БУУӨПтүн Туруктуу өнүктүрүү максаттарын пландоо жана каржылоого интеграциялоо боюнча системалуу аракеттеринин алкагында жүргүзүлүп жатат. Баалоонун жыйынтыгы мамлекеттик инвестициялардын салымын көзөмөлдөө, бюджеттик процесстин ачыктыгын камсыз кылуу жана туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук жана эл аралык алкактарын макулдашууга мүмкүнчүлүк берет.

Финансы министринин орун басары Нурбек Акжолов белгилегендей, бул иштер ресурстарды натыйжалуу колдонуу жана стратегияларды туруктуу аракеттерге айландыруу үчүн маанилүү. Ал эми БУУӨПтүн Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Александра Соловьева мындай баалоо инвестициялык долбоорлорду тандоодон баштап алардын ТӨМгө салымын мониторингдөө системасын түзүүгө чейин практикалык инструменттерди берет деп билдирди.

Министрлик жана БУУӨП Кыргызстандын мамлекеттик финансыны башкаруу системасын жакшыртуу, институттук потенциалды бекемдөө жана туруктуу өнүктүрүү үчүн инновациялык чечимдерди киргизүү багытындагы иштерин улантат.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто мектепке кирип-чыгууга тоскоол болгон жайлар алынууда

Ошто мектепке кирип-чыгууга тоскоол болгон жайлар алынууда

Ош шаарындагы Жетимишов көчөсүндө жайгашкан Барпы Алыкулов атындагы мектептин айланасы иретке келтирилип жатат. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Мекемеге кирип-чыгууга тоскоолдук жараткан унаа жуучу жана башка мыйзамсыз жайгашкан жайлар алып салынууда. Белгиленгендей, мектептин айланасын иретке келтирүү иштери окуучулардын коопсуздугун камсыздоо жана жөө жүрүүчүлөр үчүн ыңгайлуу шарт

Кел-Сууга барчу жол сүрүлүп, тегизделүүдө

Кел-Сууга барчу жол сүрүлүп, тегизделүүдө

Нарын облусунун Ат-Башы районунда Кел-Суу көлүнө алып баруучу жолдо оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди. Учурда туристтик сезонго байланыштуу Ат-Башы – Кында – Торугарт унаа жолунун үстүн сүрүп-тегиздөө иштери күчөтүлдү. Кел-Суу көлүнө туристтер көп баргандыктан, сезондо бул багытта унаалардын агымы көбөйөт. Буга байланыштуу

Жайыл районунда коомдук ынтымакты бекемдөө маселеси талкууланды

Жайыл районунда коомдук ынтымакты бекемдөө маселеси талкууланды

24-августта Жайыл районунда улуттар аралык, этностор аралык жана конфессиялар аралык ынтымакты чыңдоо боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу Чүй облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, иш-чара район акими Имамназар Буркановдун демилгеси менен уюштурулуп, ага район акимдигинин өкүлдөрү, Жайыл РИИБдин башчысы М.Калманбетов, этникалык маселелер боюнча

Ала-Букада атайын техникаларга 19 млн сомдон ашык каражат жумшалды

Ала-Букада атайын техникаларга 19 млн сомдон ашык каражат жумшалды

Ала-Бука районунун Төрөгелди Балтагулов айыл аймагына жалпы 19 млн 437 миң сомго атайын техникалар жана автоунаа сатып алынды. Бул тууралуу аймактык мамлекеттик админстрациядан билдиришти. Маалыматка ылайык, райондук өнүктүрүү фондунун каражатынан 18 млн 287 миң сомго үч атайын техника алынган. Алардын катарында 10 млн 300 миң сомдук экскаватор, 4 млн