Мамлекеттик ипотекалык компания Таласта 310 батирлүү турак жай салууда

Мамлекеттик ипотекалык компания Таласта 310 батирлүү турак жай салууда

Президент Садыр Жапаров бүгүн, Талас облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө өрөөндү өнүктүрүү пландары менен таанышып, анын социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрү жана жергиликтүү калктын жашоо сапатын жакшыртууга багытталган долбоорлордун ишке ашырылышы тууралуу маалымат алды.

Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев үстүбүздөгү жылы асфальт-бетон, темир-бетон жана таш майдалоочу заводдор курулганын билдирди. Ошондой эле, жакынкы жылдары төө буурчакты кайра иштетүүчү экспортко багытталган завод куруу пландаштырылып жаткандыгын айтты. Облустун инфраструктурасын жакшыртуу үчүн Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондунан 1 млрд сом бөлүнгөн. Талас шаарында 28,5 км ички жолго асфальт төшөлүп, 54 км тротуар курулган. Суу алуучу жайдын жана көлөмү 2000 куб метр болгон резервуардын курулушу аяктоо алдында турат. Бул бүт шаарды сапаттуу ичүүчү суу менен камсыздоого мүмкүндүк берет.  

Ошондой эле Талас мамлекеттик университетинин беш кабаттуу кампусунун, 900 окуучуга ылайыкталган мектептин жана жети бала бакча имаратынын курулушу башталып, Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан 310 батирлүү турак жай комплексин куруу уланып жатканы маалым болду.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто мектепке кирип-чыгууга тоскоол болгон жайлар алынууда

Ошто мектепке кирип-чыгууга тоскоол болгон жайлар алынууда

Ош шаарындагы Жетимишов көчөсүндө жайгашкан Барпы Алыкулов атындагы мектептин айланасы иретке келтирилип жатат. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Мекемеге кирип-чыгууга тоскоолдук жараткан унаа жуучу жана башка мыйзамсыз жайгашкан жайлар алып салынууда. Белгиленгендей, мектептин айланасын иретке келтирүү иштери окуучулардын коопсуздугун камсыздоо жана жөө жүрүүчүлөр үчүн ыңгайлуу шарт

Кел-Сууга барчу жол сүрүлүп, тегизделүүдө

Кел-Сууга барчу жол сүрүлүп, тегизделүүдө

Нарын облусунун Ат-Башы районунда Кел-Суу көлүнө алып баруучу жолдо оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди. Учурда туристтик сезонго байланыштуу Ат-Башы – Кында – Торугарт унаа жолунун үстүн сүрүп-тегиздөө иштери күчөтүлдү. Кел-Суу көлүнө туристтер көп баргандыктан, сезондо бул багытта унаалардын агымы көбөйөт. Буга байланыштуу

Жайыл районунда коомдук ынтымакты бекемдөө маселеси талкууланды

Жайыл районунда коомдук ынтымакты бекемдөө маселеси талкууланды

24-августта Жайыл районунда улуттар аралык, этностор аралык жана конфессиялар аралык ынтымакты чыңдоо боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу Чүй облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, иш-чара район акими Имамназар Буркановдун демилгеси менен уюштурулуп, ага район акимдигинин өкүлдөрү, Жайыл РИИБдин башчысы М.Калманбетов, этникалык маселелер боюнча

Ала-Букада атайын техникаларга 19 млн сомдон ашык каражат жумшалды

Ала-Букада атайын техникаларга 19 млн сомдон ашык каражат жумшалды

Ала-Бука районунун Төрөгелди Балтагулов айыл аймагына жалпы 19 млн 437 миң сомго атайын техникалар жана автоунаа сатып алынды. Бул тууралуу аймактык мамлекеттик админстрациядан билдиришти. Маалыматка ылайык, райондук өнүктүрүү фондунун каражатынан 18 млн 287 миң сомго үч атайын техника алынган. Алардын катарында 10 млн 300 миң сомдук экскаватор, 4 млн