Кыргызстан, Казакстан ортосундагы товар жүгүртүү быйыл 1,7 млрд долларга жетип, 15%га өстү

Кыргызстан, Казакстан ортосундагы товар жүгүртүү быйыл 1,7 млрд долларга жетип, 15%га өстү

Астанада Кыргызстан менен Казакстан ортосундагы өкмөттөр аралык кеңешинин 13-отуруму кеңейтилген курамда өткөнүн МинКаб маалымат  кызматы билдирди. Отурумду КРнын МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев менен Казакстан премьер-министри Олжас Бектенов жетектешти. 

Отурумда соода-экономикалык, суу-энергетикалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактардагы кыргыз-казак кызматташтыгынын учурдагы маселелери каралды. 

Эки тарап чек ара зоналарында индустриялык соода-логистикалык комплекстерди жана Алматы облусунда мөмө-жемиштерди сактоо үчүн дүң-бөлүштүрүүчү борборду түзүү маселеси да талкуулашты. 

Жыйында МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев соода жана инвестиция жаатында эки тараптуу мамилелердин активдешип жатканы белгилеп, ушул жылдын 9 айында өз ара сооданын көлөмү 1,7 млрд долларды түзүп, 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 15%га көбөйгөнүн ортого салды. Ал эми ушул жылдын 6 айынын жыйынтыгы боюнча Казакстандан Кыргызстанга түз инвестициялардын келиши дээрлик 64 млн долларды түзгөн.

Кыргыз-казак өкмөттөр аралык отурумунун жүрүшүндө чек ара аймагында Индустриялык соода-логистикалык комплексин жана Алматы облусунда мөмө-жемиштер менен жашылчаларды сактоого арналган Дүң-бөлүштүрүү борборун түзүү маселеси да каралды. 

Ошондой эле Казакстандын Кыргызстанга мунай жана мунай заттарын өкмөттөр аралык келишимдин негизинде жеткирүү механизмин иштеп чыгуу ортого коюлду.  “Кичи-Капка – Бесагаш”, “Ак-Тилек – Карасуу” жана “Каркыра – Кеген” көзөмөл өткөрүү пункттарын реконструкциялоо иштерин белгиленген мөөнөттө аяктоо, ошондой эле “Төмөнкү-Чүй – Ак-Суу” пунктунун ишин калыбына келтирүү темасы көтөрүлдү. 

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев жана Казакстандын Премьер-министри Олжас Бектенов 2030-жылга чейин эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүнү 3 миллиард долларга чейин жеткирүү тапшырмасы коюлганына токтолушуп, бул багытта тиешелүү иштер активдешерин кошумчалашты.  

Мындан тышкары окуңуз

Ошто мектепке кирип-чыгууга тоскоол болгон жайлар алынууда

Ошто мектепке кирип-чыгууга тоскоол болгон жайлар алынууда

Ош шаарындагы Жетимишов көчөсүндө жайгашкан Барпы Алыкулов атындагы мектептин айланасы иретке келтирилип жатат. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Мекемеге кирип-чыгууга тоскоолдук жараткан унаа жуучу жана башка мыйзамсыз жайгашкан жайлар алып салынууда. Белгиленгендей, мектептин айланасын иретке келтирүү иштери окуучулардын коопсуздугун камсыздоо жана жөө жүрүүчүлөр үчүн ыңгайлуу шарт

Кел-Сууга барчу жол сүрүлүп, тегизделүүдө

Кел-Сууга барчу жол сүрүлүп, тегизделүүдө

Нарын облусунун Ат-Башы районунда Кел-Суу көлүнө алып баруучу жолдо оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди. Учурда туристтик сезонго байланыштуу Ат-Башы – Кында – Торугарт унаа жолунун үстүн сүрүп-тегиздөө иштери күчөтүлдү. Кел-Суу көлүнө туристтер көп баргандыктан, сезондо бул багытта унаалардын агымы көбөйөт. Буга байланыштуу

Жайыл районунда коомдук ынтымакты бекемдөө маселеси талкууланды

Жайыл районунда коомдук ынтымакты бекемдөө маселеси талкууланды

24-августта Жайыл районунда улуттар аралык, этностор аралык жана конфессиялар аралык ынтымакты чыңдоо боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу Чүй облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, иш-чара район акими Имамназар Буркановдун демилгеси менен уюштурулуп, ага район акимдигинин өкүлдөрү, Жайыл РИИБдин башчысы М.Калманбетов, этникалык маселелер боюнча

Ала-Букада атайын техникаларга 19 млн сомдон ашык каражат жумшалды

Ала-Букада атайын техникаларга 19 млн сомдон ашык каражат жумшалды

Ала-Бука районунун Төрөгелди Балтагулов айыл аймагына жалпы 19 млн 437 миң сомго атайын техникалар жана автоунаа сатып алынды. Бул тууралуу аймактык мамлекеттик админстрациядан билдиришти. Маалыматка ылайык, райондук өнүктүрүү фондунун каражатынан 18 млн 287 миң сомго үч атайын техника алынган. Алардын катарында 10 млн 300 миң сомдук экскаватор, 4 млн