Ноокатта 2024-жылдагы аудитте 123,16 млн сомдук каржы бузуулар аныкталды

Ноокатта 2024-жылдагы аудитте 123,16 млн сомдук каржы бузуулар аныкталды

КРнын Эсептөө палатасынын Ноокат районундагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана муниципалдык ишканалары боюнча 2024-жылга карата аудит жүргүздү. Бул тууралуу Эсептөө палатасынын маалымат кызматынан билдиришти.

Жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыгында жалпы 123,16 млн сомдук каржы бузуулар аныкталды. Алардын ичинен 115,09 млн сомду калыбына келтирүүгө тийиш, анын 110,0 млн сому (бюджет боюнча 0,84 млн сом, бухгалтердик эсеп боюнча 109,16 млн сом) кайрадан кайтарылды. Калган 5,09 млн сом калыбына келтирилген жок.

Аудитте негизги бузуулар катары эмгек акы төлөмдөрү, негизги каражаттарды эсепке алуу, курулуш иштеринин наркы жана көлөмү боюнча ашыкча чыгымдар, ошондой эле бюджеттик милдеттүү төлөмдөрдүн өз убагында жүргүзүлбөгөнү аныкталды. Кээ бир курулуш объектилериндеги ашыкча чыгымдар жана аткарылбаган иштер боюнча материалдар УКМКга жөнөтүлгөн.

Аудиттин жыйынтыгы боюнча Ноокат районунун мамлекеттик администрациясына жана айылдык/шаардык жетекчилерге сунуштамалар жана жазма буйруктар жөнөтүлдү, ошондой эле жергиликтүү Кеңештерде отчеттор кароого алына турганы маалымдалды.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто мектепке кирип-чыгууга тоскоол болгон жайлар алынууда

Ошто мектепке кирип-чыгууга тоскоол болгон жайлар алынууда

Ош шаарындагы Жетимишов көчөсүндө жайгашкан Барпы Алыкулов атындагы мектептин айланасы иретке келтирилип жатат. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Мекемеге кирип-чыгууга тоскоолдук жараткан унаа жуучу жана башка мыйзамсыз жайгашкан жайлар алып салынууда. Белгиленгендей, мектептин айланасын иретке келтирүү иштери окуучулардын коопсуздугун камсыздоо жана жөө жүрүүчүлөр үчүн ыңгайлуу шарт

Кел-Сууга барчу жол сүрүлүп, тегизделүүдө

Кел-Сууга барчу жол сүрүлүп, тегизделүүдө

Нарын облусунун Ат-Башы районунда Кел-Суу көлүнө алып баруучу жолдо оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди. Учурда туристтик сезонго байланыштуу Ат-Башы – Кында – Торугарт унаа жолунун үстүн сүрүп-тегиздөө иштери күчөтүлдү. Кел-Суу көлүнө туристтер көп баргандыктан, сезондо бул багытта унаалардын агымы көбөйөт. Буга байланыштуу

Жайыл районунда коомдук ынтымакты бекемдөө маселеси талкууланды

Жайыл районунда коомдук ынтымакты бекемдөө маселеси талкууланды

24-августта Жайыл районунда улуттар аралык, этностор аралык жана конфессиялар аралык ынтымакты чыңдоо боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу Чүй облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, иш-чара район акими Имамназар Буркановдун демилгеси менен уюштурулуп, ага район акимдигинин өкүлдөрү, Жайыл РИИБдин башчысы М.Калманбетов, этникалык маселелер боюнча

Ала-Букада атайын техникаларга 19 млн сомдон ашык каражат жумшалды

Ала-Букада атайын техникаларга 19 млн сомдон ашык каражат жумшалды

Ала-Бука районунун Төрөгелди Балтагулов айыл аймагына жалпы 19 млн 437 миң сомго атайын техникалар жана автоунаа сатып алынды. Бул тууралуу аймактык мамлекеттик админстрациядан билдиришти. Маалыматка ылайык, райондук өнүктүрүү фондунун каражатынан 18 млн 287 миң сомго үч атайын техника алынган. Алардын катарында 10 млн 300 миң сомдук экскаватор, 4 млн