Он айда өлкөнүн ИДПсы 10%га өсүп, 1,43 трлн сомду түздү

Он айда өлкөнүн ИДПсы 10%га өсүп, 1,43 трлн сомду түздү

2025-жылдын январь-октябрь айларында Кыргызстандын ички дүң продукту (ИДП) мурунку жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 10,0%га жогорулап, 1 427,4 млрд сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти.

ИДПнын өсүшү негизинен товар өндүрүү, кызмат көрсөтүү тармактары жана продукттарга болгон таза салыктар аркылуу камсыз болду. Тактап айтканда:

  • Товар өндүрүү тармактарынын өсүшү 11,3%га,
  • Кызмат көрсөтүү тармактарынын өсүшү 8,8%га,
  • Продуктарга болгон таза салыктар 10,8%га жогорулады.

ИДПнын түзүмүндө эң чоң үлүш (49,6%) кызмат көрсөтүү тармактарына туура келди, бирок бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 1,3 пайыздык пунктка төмөндөдү. Товар өндүрүү тармактарынын үлүшү 35,4%га жетип, 1,8 пайыздык пунктка өстү. Анын ичинде:

  • Курулуш тармагынын үлүшү 1,2%дык пунктка өстү,
  • Өнөр жай тармагынын үлүшү 1,0%дык пунктка өстү,
  • Айыл чарбасынын үлүшү 0,4%дык пунктка төмөндөдү.
Эксперттер белгилешкендей, ИДПга алдын-ала баа берүү экономиканын өнүгүү тенденциясын баалоого жардам берет жана негизги тармактар — айыл чарба, өнөр жай, курулуш, соода, мейманканалар жана ресторандар, транспорт жана байланыш тармактары боюнча өндүрүш индекстерине негизделет.

Ички дүң продукттун түзүмүндөгү бул көрсөткүчтөр болжол менен өлкөнүн экономикалык активдүүлүгүнүн 55%ын камтыйт.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто мектепке кирип-чыгууга тоскоол болгон жайлар алынууда

Ошто мектепке кирип-чыгууга тоскоол болгон жайлар алынууда

Ош шаарындагы Жетимишов көчөсүндө жайгашкан Барпы Алыкулов атындагы мектептин айланасы иретке келтирилип жатат. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Мекемеге кирип-чыгууга тоскоолдук жараткан унаа жуучу жана башка мыйзамсыз жайгашкан жайлар алып салынууда. Белгиленгендей, мектептин айланасын иретке келтирүү иштери окуучулардын коопсуздугун камсыздоо жана жөө жүрүүчүлөр үчүн ыңгайлуу шарт

Кел-Сууга барчу жол сүрүлүп, тегизделүүдө

Кел-Сууга барчу жол сүрүлүп, тегизделүүдө

Нарын облусунун Ат-Башы районунда Кел-Суу көлүнө алып баруучу жолдо оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди. Учурда туристтик сезонго байланыштуу Ат-Башы – Кында – Торугарт унаа жолунун үстүн сүрүп-тегиздөө иштери күчөтүлдү. Кел-Суу көлүнө туристтер көп баргандыктан, сезондо бул багытта унаалардын агымы көбөйөт. Буга байланыштуу

Жайыл районунда коомдук ынтымакты бекемдөө маселеси талкууланды

Жайыл районунда коомдук ынтымакты бекемдөө маселеси талкууланды

24-августта Жайыл районунда улуттар аралык, этностор аралык жана конфессиялар аралык ынтымакты чыңдоо боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу Чүй облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, иш-чара район акими Имамназар Буркановдун демилгеси менен уюштурулуп, ага район акимдигинин өкүлдөрү, Жайыл РИИБдин башчысы М.Калманбетов, этникалык маселелер боюнча

Ала-Букада атайын техникаларга 19 млн сомдон ашык каражат жумшалды

Ала-Букада атайын техникаларга 19 млн сомдон ашык каражат жумшалды

Ала-Бука районунун Төрөгелди Балтагулов айыл аймагына жалпы 19 млн 437 миң сомго атайын техникалар жана автоунаа сатып алынды. Бул тууралуу аймактык мамлекеттик админстрациядан билдиришти. Маалыматка ылайык, райондук өнүктүрүү фондунун каражатынан 18 млн 287 миң сомго үч атайын техника алынган. Алардын катарында 10 млн 300 миң сомдук экскаватор, 4 млн