Суу ресурстары, айыл чарба министрлигине 7ге чейин кызматтык автоунаа кармоого уруксат берилди

Суу ресурстары, айыл чарба министрлигине 7ге чейин кызматтык автоунаа кармоого уруксат берилди

МинКаб мамлекеттик жана муниципалдык органдар тарабынан кызматтык жана нөөмөттүк автоунааларды пайдалануу эрежеси жөнүндө токтомго өзгөртүү киргизди

Мындай чечим Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин ишинин оперативдүүлүгүн жана мобилдүүлүгүн жогорулатуу үчүн кабыл алынган. 

Өзгөртүүлөргө ылайык министрликтин борбордук аппаратында жетиге чейин кызматтык жана нөөмөттүк автоунаа кармоого уруксат берилди. 

Документте көрсөтүлгөндөй, автопаркты кеңейтүү ведомствонун унаа менен чыгып текшерүүлөрүнө, өлкө боюнча агрардык тармактар менен суу чарбаларынын объектилерине мониторинг кылуусуна байланышкан иштерин толук кандуу жана эффективдүү жүргүзүүнү камсыз кылуу үчүн керек.  

Мындан тышкары окуңуз

Бишкек жана Сеул шаар башчылары өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол коюшту

Бишкек жана Сеул шаар башчылары өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол коюшту

Бүгүн Сеул шаарында (Корея Республикасы) Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев менен Сеул шаарынын мэри О Се Хундун жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуу Садыр Жапаровдун Корея Республикасына болгон расмий иш сапарынын алкагында өттү. Жолугушуунун жыйынтыгында Бишкек жана Сеул шаарларынын мэрлери эки борбор шаардын ортосунда боордош шаарлар мамилесин түзүү жөнүндө өз ара түшүнүшүү

Манаста 2 млн долларлык этти кайра иштетүүчү комплекс курулат

Манаста 2 млн долларлык этти кайра иштетүүчү комплекс курулат

Кыргызстанда этти кайра иштетүүнү өнүктүрүүгө багытталган жаңы долбоор колдоого алынды. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду (РКӨФ) Манас шаарында заманбап эт кайра иштетүү комплексин куруу боюнча “Мираж” ЖЧКсы менен каржылоо келишимине кол койду. Долбоордун жалпы наркы 2 млн долларды түзөт. Анын ичинен РКӨФ өнөктөш банкы “Бакай Банк” аркылуу 900 миң $ каржылайт. Каражат

Нарын токой чарбасында ийне жалбырактуу дарактардын уруктары жыйналууда

Нарын токой чарбасында ийне жалбырактуу дарактардын уруктары жыйналууда

Нарын токой чарбасында көчөт өстүрүү жана токойлорду калыбына келтирүү максатында ийне жалбырактуу дарактардын уруктарын жыйноо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Токой кызматы кабарлады. Токой чарбасынын адистери жетилген дарактардан уруктарды чогултуп, тазалап, кургатып жана сапатына жараша иргеп жатышат. Ошондой эле жыйналган уруктарды сактоого даярдоо иштери жүргүзүлүүдө. Жыйналган уруктар келерки мезгилде көчөтканаларда

Кыргызстанда топурак-химиялык лаборатория биринчи жолу аккредитациядан өттү

Кыргызстанда топурак-химиялык лаборатория биринчи жолу аккредитациядан өттү

Курулуш министрлигине караштуу Инженердик изилдөөлөр департаментинин топурак-химиялык лабораториясы аккредитациядан өттү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Лаборатория Экономика министрлигине караштуу Кыргыз аккредитациялоо борборунан аккредитацияланып, ага № KG417/КЦА.ИЛ.167 аккредитациялоо аттестаты берилди. Министрликтин маалыматына караганда, лаборатория өлкөдөгү ушул багыттагы мамлекеттик мекемелердин арасында биринчи болуп аккредитациядан өттү. Анда топурактын,