10 айда курулуш тармагындагы инвестиция 18,9%га көбөйгөн

10 айда курулуш тармагындагы инвестиция 18,9%га көбөйгөн

2025-жылдын 10 айында негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 246,7 млрд сомго жетип, өткөн жылга салыштырмалуу 18,9%га өстү. Өсүштүн негизги булагы — ички инвестициялардын 21,8 %га, тышкы булактардын 5,2 %га көбөйүшү болду. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Инвестициялардын 83%ы пайдалуу кендерди казууга, энергетикага, иштетүү өнөр жайына, транспорт жана жүк сактоо тармагына, билим берүү объектилерине жана турак жай курулушуна багытталды.

Тармактагы өсүшкө төмөнкү факторлор таасир этти:

  • “Менин үйүм” программасынын алкагында 3 621 батирдин курулушу аяктады;
  • MegaCom жана O! операторлорунун байланыш инфраструктурасын кеңейтүүсү;
  • билим берүү объектилерине инвестициялардын 10,5 %га өсүшү;
  • Бишкек шаарында инфраструктуралык долбоорлорго капиталдык салымдардын көбөйүшү;
  • спорт жана туристтик объектилердин курулушуна инвестициялардын артышы.
Жыйынтыгында, курулуштун дүң продукциясы 269,1 млрд сомду түзүп, 27,7 %га өстү. Тармак ИДПнын өсүшүнө 1,95 пайыздык пункт салым кошуп, экономика түзүмүндөгү үлүшү 8,3 % болду.

Мындан тышкары окуңуз

Кегети капчыгайында жайытка зыян келтирүү фактысы аныкталды

Кегети капчыгайында жайытка зыян келтирүү фактысы аныкталды

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы Кегети капчыгайында рейд өткөрдү. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Рейд жайыттарды сактоо жана жаратылыш аймактарында транспорт каражаттарынын талапка ылайык колдонулушун көзөмөлдөө максатында жүргүзүлгөн. Текшерүү учурунда жайыт аймагында жүргөн эндуро мотоцикл аныкталып, жайытка зыян келтирүү фактысы боюнча жеринде административдик

Казакстанда тарыхта биринчи жолу Курултайга депутаттар шайланууда

Казакстанда тарыхта биринчи жолу Курултайга депутаттар шайланууда

Бүгүн, 23-августта, Казакстанда тарыхта биринчи жолу жаңы бир палаталуу парламент — Курултайдын депутаттарын шайлоо өтүп жатат. Ал буга чейинки эки палаталуу парламенттин ордуна түзүлгөн.  Добуш берүү жергиликтүү убакыт боюнча саат 07:00дөн 20:00гө чейин өтөт. Жаңы Курултай 145 депутаттан туруп, алар 5 жылдык мөөнөткө шайланат. Бул жолку шайлоого жети

Бишкек ЖЭБинин каналынын жээги жаңы эс алуу аймагына айланат

Бишкек ЖЭБинин каналынын жээги жаңы эс алуу аймагына айланат

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев ЖЭБдин технологиялык каналынын боюндагы аймакты көрктөндүрүү иштеринин жүрүшү менен таанышты. Долбоордун алкагында жакынкы райондордун жашоочулары үчүн заманбап эс алуу жана сейилдөөчү мейкиндик түзүлүүдө. Мэриянын маалыматына ылайык, Чокан Валиханов көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейинки болжол менен 1 чакырымдык тилкеде коргоочу тосмолор жана тышкы жарыктандыруу үчүн мамылар орнотулуп,

Садыр Жапаров "Бишкек Аренадагы" даярдык иштерин көрүп чыкты

Садыр Жапаров "Бишкек Аренадагы" даярдык иштерин көрүп чыкты

Президент Садыр Жапаров "Бишкек Арена" стадионуна барып, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине карата жүргүзүлүп жаткан даярдык иштерин көрүп чыкты. Президенттин администрациясынын маалыматына ылайык, мамлекет башчысы стадиондун инфраструктурасы, анын аймагындагы негизги объектилер жана комплекстин коомдук зоналарынын бири болгон соода борбору менен таанышты. Даярдык иштеринин алкагында ачылыш аземин уюштуруу,