А.Касымалиев: ИДП 10%дан ашты, инвестиция 2,4 эсеге көбөйдү

А.Касымалиев: ИДП 10%дан ашты, инвестиция 2,4 эсеге көбөйдү

Үстүбүздөгү жылдын январь-октябрь айларында Кыргызстандын ички дүң продуктусу (ИДП) 1 триллион 427,3 миллиард сомду түздү, ал өткөн жылга салыштырмалуу 10%дан ашык өсүштү көрсөттү. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев аппараттык жыйында билдирди.

Өсүшкө бардык негизги тармактар салымын кошту. Курулуш сектору 27,7%га, кызмат көрсөтүүлөр 8,8%га, айыл чарба 2,0%га өстү. Өнөр жайда өсүш 9,9%га жетип, фармацевтикада көрсөткүч 2 эсеге өскөн. Тамак-аш азыктарын өндүрүү 33,6%га, резина, пластмасса жана курулуш материалдарын чыгаруу 33,8%га, химиялык продукция 19,6%га өстү. Мындан сырткары, текстиль жана кийим-кече өндүрүү 9,4%га, пайдалуу кен казуу 17,1%га көбөйдү.

Мындан тышкары, 10 айдын жыйынтыгы боюнча негизги капиталга инвестициялар 246,7 миллиард сомду түзүп, 18,9%га өстү. Алардын 29%ы же 71,1 миллиард сом республикалык бюджеттен каржыланып, өткөн жылга салыштырмалуу 2,4 эсеге көп.

Адылбек Касымалиев бул көрсөткүчтөр мамлекеттик экономикалык саясаттын туура багытта жана натыйжалуу жүргүзүлүп жатканын далилдээрин белгиледи.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кыргызстан ЭСКАТО менен кызматташууну кеңейтет

5-ноябрдан тарта Бишкектеги көчөдө чектөө болот

Финансы министрлигинде демилгелүү бюджеттөө боюнча семинар өттү

ИИМ башчысы Астанада эл аралык конференцияга катышууда

Мамлекеттик сатып алууларда эң арзан баа эмес, эң пайдалуу сунуш тандалышы мүмкүн