Быйыл ИДПда кызмат көрсөтүү секторунун салымы 1 088,3 млрд сомду түздү

Быйыл ИДПда кызмат көрсөтүү секторунун салымы 1 088,3 млрд сомду түздү

2025-жылдын январь-октябрь айларынын жыйынтыгы боюнча кызмат көрсөтүү чөйрөсү өлкөнүн ИДПсында үстөмдүк кылган абалды ээлеп, экономикалык өсүшкө олуттуу салым кошту. Дүң продукциянын көлөмү 1 088,3 млрд сомду түзүп, 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 9,2%га өстү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Калктын кирешелеринин өсүшү (айлык эмгек акы орточо 19,5%га, пенсия 5,8%га жогорулады) жана керектөө насыяларынын көлөмүнүн көбөйүшү (60,8%га) ички суроо-талапты бекемдеди. Натыйжада, дүң жана чекене соода, ошондой эле автомобилдерди жана мотоциклдерди оңдоо 15,3%га өсүп, жалпы 373,7 млрд сомду түздү. Бул өсүш негизинен чекене соодадагы 18,4%га жакын өсүш менен камсыздалган.

Транспорттук кызматтардын көлөмү 98,5 млрд сомду түзүп, 8,8%га өстү. Бул убакыт аралыгында бардык транспорт түрлөрү менен 48,5 млн тонна жүк жана 531,8 млн жүргүнчү ташылган.

Мекемелер жана ресторандар тарабынан көрсөтүлгөн кызматтардын көлөмү 47,8 млрд сомго жетип, 16,6%га көбөйдү. Ал эми маалымат жана байланыш кызматтарынын өсүү темпи 106,1%га жетип, дүң көлөмү 51,3 млрд сомду түздү.

Кыскасы, кызмат көрсөтүүлөр сектору экономикалык өсүштү камсыздоодо маанилүү роль ойноп, ички суроо-талапты колдоодо күчтүү таасирин тийгизди.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Бишкектеги паркка 85 түп эмен көчөтү отургузулду

Ысык-Атада 4 ири ишкананы пайдаланууга берүү пландалууда

Ошто 6 миң гектар жерге көчөт отургузулду

Кантта 5 жылда үч ири ишкана ачылган

Коопсуздук талаптарын сактабаган компанияга 200 миң сом айып пул салынды