Климаттын таасиринен быйыл айыл чарба жыйымы 40%га чейин төмөндөгөн

Климаттын таасиринен быйыл айыл чарба жыйымы 40%га чейин төмөндөгөн

Үстүбүздөгү жылдын 10 айында Кыргызстандын айыл чарбасы 407,4  млрд сомдук дүң продукция чыгарды. Өткөн жылга салыштырмалуу реалдуу өсүү темпи 102,0% болду. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Өсүш негизинен мөмө-жемиш, жашылча жана мал чарбасынын жүгүрүшү менен камсыздалды:

Жүгөрүнүн көлөмү 8,1%га, мөмө-жемиш 12,6%га, бакча өсүмдүктөрү 5,4%га, жашылчалар 11,6%га, жүзүм 3,9%га, сүт 2,8%га, жумуртка 8,0%га, эт 3,1%га өскөн.

Бирок жыйым көлөмү кескин төмөндөп, продукциянын жалпы жыйымы 745,1 миң тоннага жетти. Бул — өткөн жылга салыштырмалуу 40%га азайган көрсөткүч. Түшүмдүүлүктүн төмөндөшү дээрлик бардык негизги өсүмдүктөрдө байкалды:

Бу­удай 35%га, картошка 23%га, жашылчалар 22%га, тоют өсүмдүктөрү 46%га, май өсүмдүктөрү 49%га төмөндөгөн.

Анын себеби — аба ырайындагы кескин өзгөрүүлөр: май айынан июлга чейин жаан-чачын аз болуп, температура 37–39,5 °Cге чейин көтөрүлгөн; топурактын температурасы 65–69,6 °C чейин жогорулап, өсүмдүктөр «стрестик» шарттарды башынан өткөргөн. Мындан тышкары, жайдын ортосунда орун алган катуу жаан жана мөндүр түшүү да түшүмгө терс таасирин тийгизген.

Бирок август-сентябрь айларындагы аба ырайынын жакшырышынан улам, жыйноо адаттагыдан 7–10 күн эрте башталды. Натыйжада буудайдын сапаты жогорулап, клейковинанын курамы жакшыраган.

Айыл чарба өндүрүшүнүн ИДПга кошкон салымы 0,20 пайыздык пунктту, ал эми ИДПдагы айыл чарба секторунун үлүшү 9,5%ды түздү.

Мындан тышкары окуңуз

Кегети капчыгайында жайытка зыян келтирүү фактысы аныкталды

Кегети капчыгайында жайытка зыян келтирүү фактысы аныкталды

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы Кегети капчыгайында рейд өткөрдү. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Рейд жайыттарды сактоо жана жаратылыш аймактарында транспорт каражаттарынын талапка ылайык колдонулушун көзөмөлдөө максатында жүргүзүлгөн. Текшерүү учурунда жайыт аймагында жүргөн эндуро мотоцикл аныкталып, жайытка зыян келтирүү фактысы боюнча жеринде административдик

Казакстанда тарыхта биринчи жолу Курултайга депутаттар шайланууда

Казакстанда тарыхта биринчи жолу Курултайга депутаттар шайланууда

Бүгүн, 23-августта, Казакстанда тарыхта биринчи жолу жаңы бир палаталуу парламент — Курултайдын депутаттарын шайлоо өтүп жатат. Ал буга чейинки эки палаталуу парламенттин ордуна түзүлгөн.  Добуш берүү жергиликтүү убакыт боюнча саат 07:00дөн 20:00гө чейин өтөт. Жаңы Курултай 145 депутаттан туруп, алар 5 жылдык мөөнөткө шайланат. Бул жолку шайлоого жети

Бишкек ЖЭБинин каналынын жээги жаңы эс алуу аймагына айланат

Бишкек ЖЭБинин каналынын жээги жаңы эс алуу аймагына айланат

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев ЖЭБдин технологиялык каналынын боюндагы аймакты көрктөндүрүү иштеринин жүрүшү менен таанышты. Долбоордун алкагында жакынкы райондордун жашоочулары үчүн заманбап эс алуу жана сейилдөөчү мейкиндик түзүлүүдө. Мэриянын маалыматына ылайык, Чокан Валиханов көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейинки болжол менен 1 чакырымдык тилкеде коргоочу тосмолор жана тышкы жарыктандыруу үчүн мамылар орнотулуп,

Садыр Жапаров "Бишкек Аренадагы" даярдык иштерин көрүп чыкты

Садыр Жапаров "Бишкек Аренадагы" даярдык иштерин көрүп чыкты

Президент Садыр Жапаров "Бишкек Арена" стадионуна барып, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине карата жүргүзүлүп жаткан даярдык иштерин көрүп чыкты. Президенттин администрациясынын маалыматына ылайык, мамлекет башчысы стадиондун инфраструктурасы, анын аймагындагы негизги объектилер жана комплекстин коомдук зоналарынын бири болгон соода борбору менен таанышты. Даярдык иштеринин алкагында ачылыш аземин уюштуруу,