Кыргызстанда өнөр жай тармагы 10 айда 595 млрд сомдук продукция чыгарган

Кыргызстанда өнөр жай тармагы 10 айда 595 млрд сомдук продукция чыгарган

2025-жылдын январь-октябрь айларында Кыргызстандын өнөр жайы 595 млрд сомдук дүң продукция чыгарды. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 9,8%га өстү. Алтын кендерин эсепке албаганда, өнөр жай өндүрүшү 21,03%га көбөйгөн. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Өсүш негизинен төмөнкү секторлордо катталды:

  • Фармацевтика: 2,0 эсеге өсүү;
  • Тамак-аш азыктары жана тамеки: 33,6%га;
  • Резина, пластмасса буюмдары жана курулуш материалдары: 33,8%га;
  • Жыгач жана кагаз, полиграфиялык продукция: 29,4%га;
  • Химиялык продукциялар: 19,6%га;
  • Текстиль жана кийим-кече: 9,4%га;
  • Пайдалы кендерди казуу: 17,1%га.

Бирок негизги металл өндүрүү көлөмү 3,8%га төмөндөгөн.

Энергетика секторунда электр энергия өндүрүү 10,3%га, ал эми суу менен камсыздоо жана кайра иштетүү тармагы 24,3%га өскөн.
Өнөр жай өндүрүшүнүн ИДПга кошкон салымы 1,64%дык пункт, ал эми ИДПнын түзүмүндө өнөр жай тармагынын үлүшү 17,6% түздү.

Бул маалыматтар өлкөдө өндүрүштүн бардык тармактары боюнча туруктуу жана тез өсүү байкалганын, экономиканын ар тараптуу өнүгүп жатканын көрсөтүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Балыкчыда 7 облустун өзгөчөлүгүн чагылдырган этнопарк курулуп жатат

Балыкчыда 7 облустун өзгөчөлүгүн чагылдырган этнопарк курулуп жатат

Балыкчы шаарында аянты 3,1 гектарды түзгөн этнопарк курулууда. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, долбоор Ысык-Көлдүн кире беришти көрктөндүрүү жана туризмди өнүктүрүү максатында ишке ашырылууда. Этнопаркта Кыргызстандын жети дубанынын өзгөчөлүгүн, кыргыздын улуттук колоритин, маданиятын чагылдырган жайлар жана экспозициялар орун алат. Кире бериш бөлүгүнө "

"Бишкек Аренага" кайдан барса болот? Шаттл-автобустар жүрчү 21 дарек

"Бишкек Аренага" кайдан барса болот? Шаттл-автобустар жүрчү 21 дарек

30-31-августта Бишкекте Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий ачылышына байланыштуу жол кыймылына маал-маалы менен убактылуу чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди. ИИМ шаар тургундарына жана конокторуна каттамдарын алдын ала пландап, мүмкүн болушунча жеке унаанын ордуна коомдук транспортту пайдаланууну сунуштады. Иш-чара өтүүчү "Бишкек Аренага" шаардын

Жол кырсыгы боюнча 125 миң 200 сом камсыздандыруу кенемтеси төлөндү

Жол кырсыгы боюнча 125 миң 200 сом камсыздандыруу кенемтеси төлөндү

Жол кырсыгына кабылган жаранга ОСАГО полиси боюнча 125 миң 200 сом өлчөмүндө кенемте төлөндү. Бул тууралуу Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунан билдиришти. Маалыматка ылайык, ОСАГО — автоунаа ээлеринин жарандык жоопкерчилигин милдеттүү түрдө камсыздандыруу түрү. Мамлекеттик камсыздандыруу уюму белгилегендей, полис жол кырсыгынан улам үчүнчү жактарга келтирилген чыгымдардын мыйзамда белгиленген тартипте ордун толтурууга мүмкүнчүлүк берет.

Ала-Арчанын жээгин булгаган ижарачы айыпка жыгылды

Ала-Арчанын жээгин булгаган ижарачы айыпка жыгылды

Ала-Арча суу сактагычынын жээгине мыйзамсыз таштанды төгүлгөнү боюнча текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди. Текшерүүгө интернет булактарында тараган маалымат негиз болгон. Жыйынтыгында Ала-Арча суу сактагычынын биринчи бөлүгүн ижарага алып иштеткен жаранга административдик протокол түзүлүп, 17 миң сом айып пул салынды. Мындан тышкары,