Салык кызматынын түзүлгөндүгүнө 35 жыл болду

Салык кызматынын түзүлгөндүгүнө 35 жыл болду

Салык кызматы көз карандысыз ведомство катары 1990-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен түзүлгөн. Ага чейин анын милдетин азыр бюджетти пландаштыруу жана аткаруу үчүн жооптуу болуп жүргөн каржы органдары аткарып келишкен.

1994-жылы агенттик КРнын Финансы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик салык инспекциясына айланып, 2010-жылы КРнын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик салык кызматы деп өзгөртүлгөн.

Учурда КРнын Мамлекеттик салык кызматынын системасы Борбордук аппараттан жана республика боюнча 60 аймактык салык кеңселеринен турат.

Бүгүн бул маанилүү дата менен кесиптештерин Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов куттуктап, 35 жыл аралыгында көп нерсе өзгөргөнү менен коом алдында салык кызматынын жоопкерчилиги өзгөрүүсүз калгандыгын билдирди. Анын айтымында, салык — бул жөн гана сан эмес. Салык бул - медицина, билим берүү, жолдор жана социалдык объектилер, айлык маяна, пенсия жана жөлөкпулдар.

“Салык — бул өлкөнүн күчү, мамлекеттин өзөгү. 35 жыл ичинде биз кагаз жүзүндөгү отчёттон санариптик кызматка, формалдуу мамиледен — бизнес менен өнөктөштүккө, ишенимге өттүк. Биз учурдагы жетишкендиктер менен сыймыктанабыз. Бирок, алдыда мындан да чоң, бийик максаттар турат. Санариптештирүү, коомчулуктун ишенимин арттыруу, бизнес менен өнөктөштүктү чыңдоо, жазалоочу органдан кызмат көрсөтүүчү органга айлануу - биздин негизги багыттарыбыз” деп билдирди Шыкмаматов.

Мындан тышкары окуңуз

Кегети капчыгайында жайытка зыян келтирүү фактысы аныкталды

Кегети капчыгайында жайытка зыян келтирүү фактысы аныкталды

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы Кегети капчыгайында рейд өткөрдү. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Рейд жайыттарды сактоо жана жаратылыш аймактарында транспорт каражаттарынын талапка ылайык колдонулушун көзөмөлдөө максатында жүргүзүлгөн. Текшерүү учурунда жайыт аймагында жүргөн эндуро мотоцикл аныкталып, жайытка зыян келтирүү фактысы боюнча жеринде административдик

Казакстанда тарыхта биринчи жолу Курултайга депутаттар шайланууда

Казакстанда тарыхта биринчи жолу Курултайга депутаттар шайланууда

Бүгүн, 23-августта, Казакстанда тарыхта биринчи жолу жаңы бир палаталуу парламент — Курултайдын депутаттарын шайлоо өтүп жатат. Ал буга чейинки эки палаталуу парламенттин ордуна түзүлгөн.  Добуш берүү жергиликтүү убакыт боюнча саат 07:00дөн 20:00гө чейин өтөт. Жаңы Курултай 145 депутаттан туруп, алар 5 жылдык мөөнөткө шайланат. Бул жолку шайлоого жети

Бишкек ЖЭБинин каналынын жээги жаңы эс алуу аймагына айланат

Бишкек ЖЭБинин каналынын жээги жаңы эс алуу аймагына айланат

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев ЖЭБдин технологиялык каналынын боюндагы аймакты көрктөндүрүү иштеринин жүрүшү менен таанышты. Долбоордун алкагында жакынкы райондордун жашоочулары үчүн заманбап эс алуу жана сейилдөөчү мейкиндик түзүлүүдө. Мэриянын маалыматына ылайык, Чокан Валиханов көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейинки болжол менен 1 чакырымдык тилкеде коргоочу тосмолор жана тышкы жарыктандыруу үчүн мамылар орнотулуп,

Садыр Жапаров "Бишкек Аренадагы" даярдык иштерин көрүп чыкты

Садыр Жапаров "Бишкек Аренадагы" даярдык иштерин көрүп чыкты

Президент Садыр Жапаров "Бишкек Арена" стадионуна барып, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине карата жүргүзүлүп жаткан даярдык иштерин көрүп чыкты. Президенттин администрациясынын маалыматына ылайык, мамлекет башчысы стадиондун инфраструктурасы, анын аймагындагы негизги объектилер жана комплекстин коомдук зоналарынын бири болгон соода борбору менен таанышты. Даярдык иштеринин алкагында ачылыш аземин уюштуруу,