Кыргызстандын тышкы соодасы 9 айда 8,3%га кыскарды

Кыргызстандын тышкы соодасы 9 айда 8,3%га кыскарды

2025-жылдын январь-сентябрь айларында Кыргызстаннын тышкы соода жүгүртүүсү 11,3 млрд АКШ долларын түзүп, 2024-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 8,3%га азайды. Соода жүгүртүүнүн түзүмүндө экспорттун үлүшү 18,9%, импорттун үлүшү 81,1% болуп белгиленди. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Тышкы жана өз ара сооданын төмөндөшү экспорттун да, импорттун да азайышы менен байланыштуу. Экспорт көлөмү 25,7%га кыскарып, 2,1 млрд долларды түздү. Экспорттун азайышына негизинен тирүү жаныбарлар, бут кийим, жез сыныктары, кара металлдар, алтын жана текстиль продукцияларын чет өлкөгө жөнөтүүнүн төмөндөшү себеп болду. Ошол эле учурда баалуу металлдардын рудалары, таш көмүр, пластмасса жана лигнит экспорту өсүүдө.

Импорттун көлөмү да 3%га азайып, 9,1 млрд долларга түштү. Импорттун кыскарышы автомобилдердин, тиричилик техникасынын, механикалык жабдуулардын аз кириши менен түшүндүрүлөт. Бирок айрым товарлар боюнча импорт тескерисинче өстү: жашылча-жемиш, резина жана жыгачтан жасалган буюмдар, электр жабдуулары, суусундуктар, тамеки, пластмасса, химиялык жиптер жана газ.

ЕАЭБ өлкөлөрү менен соода жүгүртүүсү 3,8 млрд долларды түзүп, 5,3%га азайды. Алардын ичинде экспорт 39,2%га кыскарып, импорт 11,8%га өсүп, 3 млрд долларга жетти. Өз ара сооданын эң чоң үлүшү салттуу түрдө Россияга (65,8%) жана Казакстанга (31,8%) туура келди.

Ал эми үчүнчү өлкөлөр менен соода жүгүртүүсү 7,4 млрд долларды түзүп, жылдык базага салыштырмалуу 9,8%га төмөндөдү.

Мындан тышкары окуңуз

Казакстанда тарыхта биринчи жолу Курултайга депутаттар шайланууда

Казакстанда тарыхта биринчи жолу Курултайга депутаттар шайланууда

Бүгүн, 23-августта, Казакстанда тарыхта биринчи жолу жаңы бир палаталуу парламент — Курултайдын депутаттарын шайлоо өтүп жатат. Ал буга чейинки эки палаталуу парламенттин ордуна түзүлгөн.  Добуш берүү жергиликтүү убакыт боюнча саат 07:00дөн 20:00гө чейин өтөт. Жаңы Курултай 145 депутаттан туруп, алар 5 жылдык мөөнөткө шайланат. Бул жолку шайлоого жети

Бишкек ЖЭБинин каналынын жээги жаңы эс алуу аймагына айланат

Бишкек ЖЭБинин каналынын жээги жаңы эс алуу аймагына айланат

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев ЖЭБдин технологиялык каналынын боюндагы аймакты көрктөндүрүү иштеринин жүрүшү менен таанышты. Долбоордун алкагында жакынкы райондордун жашоочулары үчүн заманбап эс алуу жана сейилдөөчү мейкиндик түзүлүүдө. Мэриянын маалыматына ылайык, Чокан Валиханов көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейинки болжол менен 1 чакырымдык тилкеде коргоочу тосмолор жана тышкы жарыктандыруу үчүн мамылар орнотулуп,

Садыр Жапаров "Бишкек Аренадагы" даярдык иштерин көрүп чыкты

Садыр Жапаров "Бишкек Аренадагы" даярдык иштерин көрүп чыкты

Президент Садыр Жапаров "Бишкек Арена" стадионуна барып, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине карата жүргүзүлүп жаткан даярдык иштерин көрүп чыкты. Президенттин администрациясынын маалыматына ылайык, мамлекет башчысы стадиондун инфраструктурасы, анын аймагындагы негизги объектилер жана комплекстин коомдук зоналарынын бири болгон соода борбору менен таанышты. Даярдык иштеринин алкагында ачылыш аземин уюштуруу,

ДКО-2026: Кырчынга конокторду 300 кичи автобус акысыз ташыйт

ДКО-2026: Кырчынга конокторду 300 кичи автобус акысыз ташыйт

Бишкектеги ДЕПО-2нин аймагында шаар мэри Айбек Джунушалиев VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын транспорттук камсыздоосуна тартылуучу кичи автобустардын айдоочулары менен жолугушту. Бишкек мэриясынын маалыматына ылайык, эл аралык спорттук иш-чарага даярдыктын алкагында Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасы департаменти тарабынан 300 кичи автобус тартылат. Алар шаар тургундарын жана конокторду Кырчын жайлоосуна акысыз