Россияда мигранттарды кабыл алууну чектей турган мыйзам кабыл алынды

Россияда мигранттарды кабыл алууну чектей турган мыйзам кабыл алынды

Россия президенти Владимир Путин чет өлкөлүк жумушчулар менен эмгек келишимин токтотуу негиздерин кеңейте турган мыйзамга кол койгону маалым болду. 

Эми жумуш берүүчүлөр жумуш орундарына болгон аймактык лимиттен ашкан учурда эмгек келишимин токтото алышат. Бул документ менен Россия Федерациясынын Эмгек кодексинин 327.6-беренесине өзгөртүүлөр кирет. Мыйзам 2026-жылдын 1-мартында күчүнө кирет.

Бул демилге Мамдумага “Жаңы адамдар” фракциясынын депутаттары тарабынан киргизилген. Алардын айтымдарында, бул кызматтан кеткен кызматкерлер менен болгон соттук териштирүүлөр тобокелдигин азайтат. 

Эске салсак, 2014-жылдан тарта Россия субъектилери чет өлколүк жумушчуларды тартууга бир жылдык лимитти бекитүү укугуна ээ болушкан. Ишканалар мындай учурда мигранттардын кыскартуулары керек. Бул аткарылбаса алар 800 миңден 1 млн рублге чейин айып пул төлөшөт же эки жумага иши токтотулат. 

Мындан тышкары окуңуз

Казакстанда тарыхта биринчи жолу Курултайга депутаттар шайланууда

Казакстанда тарыхта биринчи жолу Курултайга депутаттар шайланууда

Бүгүн, 23-августта, Казакстанда тарыхта биринчи жолу жаңы бир палаталуу парламент — Курултайдын депутаттарын шайлоо өтүп жатат. Ал буга чейинки эки палаталуу парламенттин ордуна түзүлгөн.  Добуш берүү жергиликтүү убакыт боюнча саат 07:00дөн 20:00гө чейин өтөт. Жаңы Курултай 145 депутаттан туруп, алар 5 жылдык мөөнөткө шайланат. Бул жолку шайлоого жети

Бишкек ЖЭБинин каналынын жээги жаңы эс алуу аймагына айланат

Бишкек ЖЭБинин каналынын жээги жаңы эс алуу аймагына айланат

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев ЖЭБдин технологиялык каналынын боюндагы аймакты көрктөндүрүү иштеринин жүрүшү менен таанышты. Долбоордун алкагында жакынкы райондордун жашоочулары үчүн заманбап эс алуу жана сейилдөөчү мейкиндик түзүлүүдө. Мэриянын маалыматына ылайык, Чокан Валиханов көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейинки болжол менен 1 чакырымдык тилкеде коргоочу тосмолор жана тышкы жарыктандыруу үчүн мамылар орнотулуп,

Садыр Жапаров "Бишкек Аренадагы" даярдык иштерин көрүп чыкты

Садыр Жапаров "Бишкек Аренадагы" даярдык иштерин көрүп чыкты

Президент Садыр Жапаров "Бишкек Арена" стадионуна барып, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине карата жүргүзүлүп жаткан даярдык иштерин көрүп чыкты. Президенттин администрациясынын маалыматына ылайык, мамлекет башчысы стадиондун инфраструктурасы, анын аймагындагы негизги объектилер жана комплекстин коомдук зоналарынын бири болгон соода борбору менен таанышты. Даярдык иштеринин алкагында ачылыш аземин уюштуруу,

ДКО-2026: Кырчынга конокторду 300 кичи автобус акысыз ташыйт

ДКО-2026: Кырчынга конокторду 300 кичи автобус акысыз ташыйт

Бишкектеги ДЕПО-2нин аймагында шаар мэри Айбек Джунушалиев VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын транспорттук камсыздоосуна тартылуучу кичи автобустардын айдоочулары менен жолугушту. Бишкек мэриясынын маалыматына ылайык, эл аралык спорттук иш-чарага даярдыктын алкагында Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасы департаменти тарабынан 300 кичи автобус тартылат. Алар шаар тургундарын жана конокторду Кырчын жайлоосуна акысыз