2026-жылы Салык кызматынын миң кызматкери ишинен кыскарат

2026-жылы  Салык кызматынын миң кызматкери ишинен кыскарат

"2026-жылдын май айында Салык кызматынын инспекторлорунун штаты кыскартыла баштайт, анткени контролдук функциялар атайын тутумга өтөт. Биринчи этапта 500 кызматкер, жарым жылдан кийин дагы 500 кызматкер кыскартылат. Азыр бул кызматта 3 400 салык кызматкери бар."

Мындай билдирүүнү, Салык кызматынын төргасы Алмамбет Шыкмаматов жарыялады. Анын айтымында мындай масштабдуу кыскартуу контролдун азайышына алып келбейт. Тескерисинче, бул кыйла натыйжалуу жана коррупциясыз тутумга карай кадам таштап, инспектордун ордуна так, ачык-айкын жана эч кандай кийлигишүү мүмкүнчүлүгүсүз иштей турган санариптик модуль киргизилет.

“Реформалоонун жыйынтыгында Салык кызматы иштеги жазалоочу моделден толугу менен кетип, бизнес жана жарандар үчүн толук кандуу сервиске айланышына умтулабыз. Анткени мамлекеттин башкы милдети – айып салуу эмес, ишкерлерге өз милдеттенмелерин жөнөкөй, ачык-айкын жана ашыкча чыгымдарсыз аткарууга жардам берүү. Мындай кадам ишенимди арттырып, салыктарды ыктыярдуу төлөөгө түрткү берип, туруктуу жана бекем экономикалык чөйрөнү түзөт” – деп билдирди Шыкмаматов.

Анын айтымында бардык реформалар бизнести, өзгөчө чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө дем берүүнү эске алуу менен жүргүзүлүүдө. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда ишкердикти өнүктүрүү үчүн бардык жеңилдетилген жана ыңгайлуу шарттар бар.  

Мындан тышкары окуңуз

Казакстанда тарыхта биринчи жолу Курултайга депутаттар шайланууда

Казакстанда тарыхта биринчи жолу Курултайга депутаттар шайланууда

Бүгүн, 23-августта, Казакстанда тарыхта биринчи жолу жаңы бир палаталуу парламент — Курултайдын депутаттарын шайлоо өтүп жатат. Ал буга чейинки эки палаталуу парламенттин ордуна түзүлгөн.  Добуш берүү жергиликтүү убакыт боюнча саат 07:00дөн 20:00гө чейин өтөт. Жаңы Курултай 145 депутаттан туруп, алар 5 жылдык мөөнөткө шайланат. Бул жолку шайлоого жети

Бишкек ЖЭБинин каналынын жээги жаңы эс алуу аймагына айланат

Бишкек ЖЭБинин каналынын жээги жаңы эс алуу аймагына айланат

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев ЖЭБдин технологиялык каналынын боюндагы аймакты көрктөндүрүү иштеринин жүрүшү менен таанышты. Долбоордун алкагында жакынкы райондордун жашоочулары үчүн заманбап эс алуу жана сейилдөөчү мейкиндик түзүлүүдө. Мэриянын маалыматына ылайык, Чокан Валиханов көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейинки болжол менен 1 чакырымдык тилкеде коргоочу тосмолор жана тышкы жарыктандыруу үчүн мамылар орнотулуп,

Садыр Жапаров "Бишкек Аренадагы" даярдык иштерин көрүп чыкты

Садыр Жапаров "Бишкек Аренадагы" даярдык иштерин көрүп чыкты

Президент Садыр Жапаров "Бишкек Арена" стадионуна барып, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине карата жүргүзүлүп жаткан даярдык иштерин көрүп чыкты. Президенттин администрациясынын маалыматына ылайык, мамлекет башчысы стадиондун инфраструктурасы, анын аймагындагы негизги объектилер жана комплекстин коомдук зоналарынын бири болгон соода борбору менен таанышты. Даярдык иштеринин алкагында ачылыш аземин уюштуруу,

ДКО-2026: Кырчынга конокторду 300 кичи автобус акысыз ташыйт

ДКО-2026: Кырчынга конокторду 300 кичи автобус акысыз ташыйт

Бишкектеги ДЕПО-2нин аймагында шаар мэри Айбек Джунушалиев VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын транспорттук камсыздоосуна тартылуучу кичи автобустардын айдоочулары менен жолугушту. Бишкек мэриясынын маалыматына ылайык, эл аралык спорттук иш-чарага даярдыктын алкагында Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасы департаменти тарабынан 300 кичи автобус тартылат. Алар шаар тургундарын жана конокторду Кырчын жайлоосуна акысыз