А.Шыкмаматов: Салык кызматы реформанын экинчи этабына өтүүдө

А.Шыкмаматов: Салык кызматы реформанын экинчи этабына өтүүдө

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов салык системасын мындан ары реформалоо боюнча пландары менен социалдык тармактагы Салык кызматынын баракчасында бөлүштү.

«Президентибиздин тапшырмасы менен бир жыл мурун салык салуу тутумун масштабдуу реформалоону баштадык. Реформанын биринчи этабы дээрлик аяктады. Анын жыйынтыгы менен көптөгөн товарлар үчүн ЭТТК жоюлуп, кассалык аппараттарды милдеттүү пайдалануу жокко чыгарылды, процесстерди санариптештирүү тездетилип, жалпысынан салыктык башкаруу жөнөкөйлөтүлдү. Жол-жоболорду ыңгайлуу жана ачык-айкын кылып, бюрократиялык жүк азайтылды, отчет берүү жана салык төлөө жеңилдетилди” - деп айтылат билдирүүдө.

Шыкмаматовдун айтымында реформанын биринчи этабынын, жаңы башкаруучулук чечимдердин ийгиликтүү ишке ашырылышын цифралардан билсе болот.

“2025-жылга салык боюнча жылдык план 268 млрд сом өлчөмүндө бекитилген. Салык кызматы аны 11 айда 30 млрд сомго ашыгы менен аткарды. Реформанын экинчи этабы жаңы жылдык майрамдардан кийин башталат. Анын негизги элементи катары KEZET жаңы электрондук эсепке алуу модулун киргизүү болмокчу. Анда салык инспекторун жасалма интеллект модулу алмаштырат. Адам фактору толугу менен жокко чыгарылат. KEZETтин жардамы менен биз ар бир товардын жүгүртүлүшүн – өндүрүштөн же импорттон тартып кассадан чек чыкканга чейин байкай алабыз”.-деди Салйык кызматынын төрагасы.

Билдирүүгө караганда KEZET инспектордун ишиндеги субъективдүүлүктү четтетүүгө, отчеттогу айырмачылыктарды автоматтык түрдө аныктоого, текшерүүлөрдүн санын болушунча азайтууга жана коррупциялык тобокелдиктерди толугу менен жоюуга мүмкүндүк берет.

KEZETти тесттик ишке киргизүү 2026-жылдын январь айына пландаштырылган.

Мындан тышкары окуңуз

Депутат май куюучу станцияларда алкоголдук ичимдиктерди сатууга тыюу салууну сунуштады

Депутат май куюучу станцияларда алкоголдук ичимдиктерди сатууга тыюу салууну сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Медер Чотонов “Этил спиртин өндүрүүгө, импорттоого, сактоого жана сатып өткөрүүгө мамлекеттик монополия жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштоодо. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди. Демилгеге ылайык, май куюучу станцияларда жана аларга чектеш аймактарда алкоголдук ичимдиктерди сатууга тыюу салынат. Сунуштун максаты

23-июнда Бишкектин айрым жерлеринде суу өчүрүлөт

23-июнда Бишкектин айрым жерлеринде суу өчүрүлөт

23-июнда саат 09:00дөн 18:00гө чейин турак жайларда, мектептерде, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде, саламаттыкты сактоо мекемелеринде жана башка социалдык жана өнөр жай объектилеринде ичүүчү суу берүү токтотулат. Өчүрүү аймагы: Достоевский көчөсү - Анкара көчөсү - Ауэзов көчөсү - темир жол линиясы. Ошондой эле Алтын Ордо, Кара-Жыгач жана Полиция шаарчасы

Манас шаарында 500 орундуу мектеп курулууда

Манас шаарында 500 орундуу мектеп курулууда

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык Курулуш министрлиги тарабынан Манас шаарында алты жаңы мектеп курулууда. Алардын бири – Манас муниципалдык аймагында жайгашкан 500 орундуу №13 мектеп.  Курулуш министрлигинин маалыматына таянсак, долбоорго ылайык, билим уясы беш блоктон турган үч кабаттуу имарат болуп курулууда. Жалпы аянты 4215 чарчы метрди түзөт. Анда заманбап окуу класстары,

Кыргызстан менен Орусия ишкердик байланыштарды чыңдоону макулдашты

Кыргызстан менен Орусия ишкердик байланыштарды чыңдоону макулдашты

19-июнда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Орусиянын Экспорттук борборунун өкүлдөрү менен жолукту. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Жолугушууда ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, Кыргызстандын айыл чарба жана кайра иштетилген өндүрүмдөрүн тышкы базарга чыгаруу маселелерине көңүл бурулду. Мындан тышкары