Кумтөрдүн 10 айдагы кирешеси 80 млрд сомго жетти

Кумтөрдүн 10 айдагы кирешеси 80 млрд сомго жетти

Үстүбүздөгү жылдын 10 айында "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун өндүрүштүк ишмердүүлүгүнөн түшкөн жалпы кирешеси план боюнча 55 млрд 127 млн сом болсо, иш жүзүндө 80 млрд сомду түздү. Бул тууралуу компаниянын отчеттук маалыматында айтылат.

Ал эми 10 айдагы ишкананын таза кирешеси план боюнча 13 млрд 373 млн сом болсо, иш жүзүндө 36 млрд 900 млн сомго жетти.

Кыргыз Республикасынын бюджетине салыктар жана милдеттүү төлөмдөрдүн көлөмү план боюнча 14 млрд 43 млн сом болсо, иш жүзүндө 16 млрд 272 млн сомго жетти.  

2024-жылдын жыйынтыгы боюнча 2025-жылы дивиденд түрүндө 12 млрд 900 млн сом төлөө пландалса, иш жүзүндө 13 млрд 49 млн сом которулду. 

Мындан тышкары окуңуз

Банк жана финансы уюмдары үчүн жашыл каржылоо боюнча тренинг өттү

Банк жана финансы уюмдары үчүн жашыл каржылоо боюнча тренинг өттү

Бишкекте банк жана финансы уюмдары үчүн жашыл жана туруктуу каржылоону илгерилетүү, ESG-критейрилерин (экологиялык, социалдык жана башкаруу) өнүктүрүү жана банктарды жашыл каржы продуктылары менен иштөөгө даярдоого багытталган тренинг болуп өттү. Бул иш-чараны КРнын Экономика жана коммерция министрлиги Глобалдык жашыл өсүү институту (GGGI) жана Германиянын Эл аралык кызматташтык коому (GIZ) менен биргеликте

Евробиримдик: Кыргызстандын эки банкы санкциялар тизмесинен чыгарылышы мүмкүн

Евробиримдик: Кыргызстандын эки банкы санкциялар тизмесинен чыгарылышы мүмкүн

Ушул жылдын октябрь айында Евробиримдик Россияга каршы 19-санкциялар пакетин бекитип, ал Кыргызстандагы "Толубай" жана "Евразийский сберегательный банк" банктарына да тиешелүү болгон. Ошондой эле тизмеге "Олд Вектор" жана "Гринекс" ЖЧКлары киргизилген. Эл аралык кызматташтык боюнча ЕБнин комиссары Йозеф Сикела бул банктар жана компаниялар

"Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын" брендин Кыргызстан өзүнө таандык кылып бекитти

"Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын" брендин Кыргызстан өзүнө таандык кылып бекитти

КРнын министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев “Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары” товардык белгисине өзгөчө укуктарды мамлекеттик менчикке өткөрүп берүү аземине катышып,  көчмөндөр оюндарынын негизги ролун белгиледи. "Бүгүн биз абдан маанилүү окуяга күбө болуудабыз. Акыркы он жылдыкта Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары этникалык маданиятты, көчмөндөр цивилизациясынын баалуулуктарын жана салттуу спортту жайылтуу боюнча эң ири

Бишкекте "Жаш мугалимдин депозити" программасына жаңы катышуучулар тандалып жатат

Бишкекте "Жаш мугалимдин депозити" программасына жаңы катышуучулар тандалып жатат

Борбор калаанын Билим берүү департаменти "Жаш мугалимдин депозити" программасынын катышуучуларын тестирлөөдөн өткөрдү. Мэриянын маалыматына ылайык, программа жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланып, жаш педагогдорду колдоого, алардын кесиптик компетенциясын жогорулатууга жана Бишкектеги билим берүү уюмдарында ийгиликтүү иш баштоо үчүн шарт түзүүгө багытталган. Тестирлөө — программага катышуучуларды тандоо этаптарынын бири болуп эсептелет жана