Кыргызстан 2030-жылга чейин ИДПны 4 500 долларга жеткирүүнү пландап жатат

Кыргызстан 2030-жылга чейин ИДПны 4 500 долларга жеткирүүнү пландап жатат

Бүгүн, 19-ноябрда Бишкекте Борбор Азия регионалдык экономикалык кызматташтыгынын (БАРЭК) бизнес-форумунун экинчи күнүндө экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков өлкөнүн 2030-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү программасын жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн тааныштырды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Министрдин айтымында, акыркы үч жылда Кыргызстан экономикасы орточо жылдык 9% өсүш менен туруктуу өнүгүү жолуна түштү. Ички дүң продукт 2022-жылдан 2024-жылга чейин 1 020,7 млрд сомдон 1 523,2 млрд сомго чейин өстү. Бул өсүш негизинен 23 млрд долларга жакын тартылган инвестициялардын эсебинен камсыздалды, анын ичинде 3,7 млрд доллар түз чет өлкөлүк инвестициялар.

Сыдыков ошондой эле өлкөнүн 2030-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү программасынын негизги максаттарын жана приоритеттерин белгиледи. Экономикалык өсүштү жылына кеминде 8% камсыздоо, киши башына ИДПны 4 500 долларга чейин жеткирүү, адам капиталын өнүктүрүү, билим жана саламаттык сактоонун сапатын жакшыртуу, кичи жана орто бизнести колдоо, жумушсуздукту 5%га чейин азайтуу.

Министр экономикалык өсүштүн негизги булактары катары индустриализация, айыл чарба жана туризмди өнүктүрүү, регионалдык логистикалык хабды түзүү жана жашыл энергетиканы көрсөткөн. Ошондой эле өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмүн эки эсе көбөйтүү жана негизги капиталга инвестициялардын үлүшүн 50%га жеткирүү максаты коюлду.

Бакыт Сыдыков белгилегендей, экспорттук потенциалды жогорулатуу жана жаңы жумуш орундарын түзүү үчүн машина куруу, фармацевтика, жеңил өнөр жай жана курулуш материалдары тармактарын өнүктүрүү пландалууда.

Мындан тышкары окуңуз

Казакстанда тарыхта биринчи жолу Курултайга депутаттар шайланууда

Казакстанда тарыхта биринчи жолу Курултайга депутаттар шайланууда

Бүгүн, 23-августта, Казакстанда тарыхта биринчи жолу жаңы бир палаталуу парламент — Курултайдын депутаттарын шайлоо өтүп жатат. Ал буга чейинки эки палаталуу парламенттин ордуна түзүлгөн.  Добуш берүү жергиликтүү убакыт боюнча саат 07:00дөн 20:00гө чейин өтөт. Жаңы Курултай 145 депутаттан туруп, алар 5 жылдык мөөнөткө шайланат. Бул жолку шайлоого жети

Бишкек ЖЭБинин каналынын жээги жаңы эс алуу аймагына айланат

Бишкек ЖЭБинин каналынын жээги жаңы эс алуу аймагына айланат

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев ЖЭБдин технологиялык каналынын боюндагы аймакты көрктөндүрүү иштеринин жүрүшү менен таанышты. Долбоордун алкагында жакынкы райондордун жашоочулары үчүн заманбап эс алуу жана сейилдөөчү мейкиндик түзүлүүдө. Мэриянын маалыматына ылайык, Чокан Валиханов көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейинки болжол менен 1 чакырымдык тилкеде коргоочу тосмолор жана тышкы жарыктандыруу үчүн мамылар орнотулуп,

Садыр Жапаров "Бишкек Аренадагы" даярдык иштерин көрүп чыкты

Садыр Жапаров "Бишкек Аренадагы" даярдык иштерин көрүп чыкты

Президент Садыр Жапаров "Бишкек Арена" стадионуна барып, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине карата жүргүзүлүп жаткан даярдык иштерин көрүп чыкты. Президенттин администрациясынын маалыматына ылайык, мамлекет башчысы стадиондун инфраструктурасы, анын аймагындагы негизги объектилер жана комплекстин коомдук зоналарынын бири болгон соода борбору менен таанышты. Даярдык иштеринин алкагында ачылыш аземин уюштуруу,

ДКО-2026: Кырчынга конокторду 300 кичи автобус акысыз ташыйт

ДКО-2026: Кырчынга конокторду 300 кичи автобус акысыз ташыйт

Бишкектеги ДЕПО-2нин аймагында шаар мэри Айбек Джунушалиев VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын транспорттук камсыздоосуна тартылуучу кичи автобустардын айдоочулары менен жолугушту. Бишкек мэриясынын маалыматына ылайык, эл аралык спорттук иш-чарага даярдыктын алкагында Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасы департаменти тарабынан 300 кичи автобус тартылат. Алар шаар тургундарын жана конокторду Кырчын жайлоосуна акысыз