Кыргызстан логистикалык хаб катары Борбор Азияда өз ордун бекемдейт

Кыргызстан логистикалык хаб катары Борбор Азияда өз ордун бекемдейт

Бүгүн, Бишкек шаарында Борбор Азия регионалдык экономикалык кызматташтык (БАРЭК) бизнес-форумунун экинчи күнү өтүп жатат. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков "Регионалдык логистикалык хаб – Кыргыз Республикасы көңүл борборунда" сессиясын алып барды. Ал логистикалык хабды өнүктүрүүнү 2030-жылга чейин Улуттук программаны ишке ашыруунун негизги багыттарынын бири деп атады.

Министрдин айтымында, 2024-жылы транспорт секторуна 200 миллион АКШ долларлык инвестиция салынган, бирок тармакты толук өнүктүрүү үчүн кошумча 1,65 миллиард доллар зарыл. Автоунаа транспорту аркылуу жүк жүгүртүүсү акыркы төрт жылда 26 миллион тоннанын ордуна 44 миллион тоннага чейин өсүп, 82%га көбөйгөн. Министр 2030-жылга чейин жалпы жүк ташууну жылына кеминде 110 миллион тоннага жеткирүүнү максат кылышканын билдирди.

Сыдыков логистикалык системанын интеграциясын баса белгилеп, темир жолдун жыл сайын 2–3 миллион тонна жүк ташып, резервге ээ экенин, Манас жана Ош аэропортторундагы жүк ташуунун көлөмү акыркы төрт жылда 12 эсеге өскөнүн айтты. Учурда авиацияны өнүктүрүү багытында Жалал-Абаддагы жаңы эл аралык аэропорт курулуп, Манас жана Тамчы аэропорттору модернизацияланууда.

Министр логистикалык коридорлорду диверсификациялоо жана мультимодалдык ташууларды өнүктүрүүнү Кыргызстандын геостратегиялык артыкчылыктарын ишке ашыруунун маанилүү кадамы деп атап, инвесторлор үчүн чоң мүмкүнчүлүктөр ачыларын белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Казакстанда тарыхта биринчи жолу Курултайга депутаттар шайланууда

Казакстанда тарыхта биринчи жолу Курултайга депутаттар шайланууда

Бүгүн, 23-августта, Казакстанда тарыхта биринчи жолу жаңы бир палаталуу парламент — Курултайдын депутаттарын шайлоо өтүп жатат. Ал буга чейинки эки палаталуу парламенттин ордуна түзүлгөн.  Добуш берүү жергиликтүү убакыт боюнча саат 07:00дөн 20:00гө чейин өтөт. Жаңы Курултай 145 депутаттан туруп, алар 5 жылдык мөөнөткө шайланат. Бул жолку шайлоого жети

Бишкек ЖЭБинин каналынын жээги жаңы эс алуу аймагына айланат

Бишкек ЖЭБинин каналынын жээги жаңы эс алуу аймагына айланат

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев ЖЭБдин технологиялык каналынын боюндагы аймакты көрктөндүрүү иштеринин жүрүшү менен таанышты. Долбоордун алкагында жакынкы райондордун жашоочулары үчүн заманбап эс алуу жана сейилдөөчү мейкиндик түзүлүүдө. Мэриянын маалыматына ылайык, Чокан Валиханов көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейинки болжол менен 1 чакырымдык тилкеде коргоочу тосмолор жана тышкы жарыктандыруу үчүн мамылар орнотулуп,

Садыр Жапаров "Бишкек Аренадагы" даярдык иштерин көрүп чыкты

Садыр Жапаров "Бишкек Аренадагы" даярдык иштерин көрүп чыкты

Президент Садыр Жапаров "Бишкек Арена" стадионуна барып, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине карата жүргүзүлүп жаткан даярдык иштерин көрүп чыкты. Президенттин администрациясынын маалыматына ылайык, мамлекет башчысы стадиондун инфраструктурасы, анын аймагындагы негизги объектилер жана комплекстин коомдук зоналарынын бири болгон соода борбору менен таанышты. Даярдык иштеринин алкагында ачылыш аземин уюштуруу,

ДКО-2026: Кырчынга конокторду 300 кичи автобус акысыз ташыйт

ДКО-2026: Кырчынга конокторду 300 кичи автобус акысыз ташыйт

Бишкектеги ДЕПО-2нин аймагында шаар мэри Айбек Джунушалиев VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын транспорттук камсыздоосуна тартылуучу кичи автобустардын айдоочулары менен жолугушту. Бишкек мэриясынын маалыматына ылайык, эл аралык спорттук иш-чарага даярдыктын алкагында Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасы департаменти тарабынан 300 кичи автобус тартылат. Алар шаар тургундарын жана конокторду Кырчын жайлоосуна акысыз