Үч өлкөдөн келген делегация Кыргызстанга эки экологиялык долбоорду сунуштады

Үч өлкөдөн келген делегация Кыргызстанга эки экологиялык долбоорду сунуштады

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшанбек Сабиров "Кыргыз жашыл инфраструктура фонду" коомдук фондунун президенти Южел Акдениз башында турган Нидерланддар, Түркия жана АКШдан келген делегация менен жолугушканын “Кабар” жазды.

Маалыматта делегация Кыргызстандагы заманбап жана экологиялык өндүрүштүк кубаттуулуктарды өнүктүрүүгө багытталган эки инвестициялык долбоорду сунуштаганы айтылат.

Биринчи долбоор Балыкчы шаарында күн электр станциясын куруу боюнча болсо, экинчи долбоор Нидерланддардын Van der Hoeven компаниясына таандык жогорку технологиялуу фабрика–күнөсканасын түзүүнү көздөйт. Ал алдыңкы агротехнологияларды киргизүүнү жана өлкөнүн экспорттук потенциалын өнүктүрүүнү камтыйт.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кыргызстан ЭСКАТО менен кызматташууну кеңейтет

5-ноябрдан тарта Бишкектеги көчөдө чектөө болот

Финансы министрлигинде демилгелүү бюджеттөө боюнча семинар өттү

ИИМ башчысы Астанада эл аралык конференцияга катышууда

Мамлекеттик сатып алууларда эң арзан баа эмес, эң пайдалуу сунуш тандалышы мүмкүн