Кыргыз-өзбек товар жүгүртүүсүн 2 млрд долларга жеткирүү пландалууда

Кыргыз-өзбек товар жүгүртүүсүн 2 млрд долларга жеткирүү пландалууда

Бишкек шаарында өтүп жаткан БАРЭК бизнес-форумунун алкагында Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Өзбекстан Республикасынын инвестициялар, өнөр жай жана соода министри Лазиз Кудратов менен жолугушту. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин билдиришти.

Жолугушууда тараптар кыргыз-өзбек соода-экономикалык кызматташтыгынын учурдагы абалын жана анын өнүгүү перспективасын талкуулашты. Эки өлкөнүн мамлекет башчылары тарабынан аныкталган стратегиялык максат — өз ара товар жүгүртүүнү 2 млрд АКШ долларына чейин жеткирүү — сүйлөшүүлөрдүн негизги темасы болду.

Министрлер, мындан тышкары, ишкердик байланышты күчөтүүгө, инвестициялык өнөктөштүктү жандандырууга багытталган алдыдагы биргелешкен иш-чараларды даярдоо маселелерин карашты. Ошондой эле өнөр жай, транспорттук логистика, айыл чарба жана энергетика тармактарындагы келечектүү биргелешкен долбоорлор талкууланды.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кыргызстан ЭСКАТО менен кызматташууну кеңейтет

5-ноябрдан тарта Бишкектеги көчөдө чектөө болот

Финансы министрлигинде демилгелүү бюджеттөө боюнча семинар өттү

ИИМ башчысы Астанада эл аралык конференцияга катышууда

Мамлекеттик сатып алууларда эң арзан баа эмес, эң пайдалуу сунуш тандалышы мүмкүн