Таштандыны кайра иштетүүчү завод 1-декабрда электр энергиясын бере баштайт

Таштандыны кайра иштетүүчү завод 1-декабрда электр энергиясын бере баштайт

Бишкек мэри Айбек Жунушалиев кечээ “Спутник” маалымат агентигинин жыйындар залында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, жаңы башкы план долбоорунда шаардыктарды электр энергиясы менен толук камсыз кылуу жагы да эске алынганын билдирди. 

“Электр энергиясын үнөмдөө, аны баарына жеткиликтүү кылуу Бишкек шаарынын эле эмес, бүтүндөй өлкө маселеси. Энергетика министрлигинде азыр Бишкек шаарына, жалпы Кыргызстанга жете тургандай электр энергиясын иштеп чыгууну камсыздоо боюнча бир топ иштер жүргүзүлүп жатат. Бишкек шаарына караштуу ЖЭБге 1-декабрда жаңы курулуп бүткөн таштандыны кайра иштетүүчү заводу электр энергиясын берип баштайт. Ошондо шаардыктар электр энергиясы менен камсыз болот. Бирок эл электр энергиясын көп колдонгон мезгилдерде кошумча кубаттуулук керек болот. Шаардын башкы планында элди электр энергиясы менен камсыз кылуу эле эмес, бардык инженердик коммуникациялар эске алынып, жолго коюлган”,-дейт шаар башчысы. 

 

Мындан тышкары окуңуз

Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиев кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койгонун президенттик администрациядан билдиришти. Салиев бажы органдарындагы кызматын 2003-жылдын майында баштаган. 2025-жылдын 19-февралында Министрлер кабинетинин тескемеси менен Бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалган. 2026-жылдын май айында ага "Бажы кызматынын генерал-майору&

Ишкер Media
50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

Аламүдүн районунда телефон сатуудагы алдамчылыкка шектелип 42 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, 1-октябрда Ж.Э. аттуу жаран милицияга кайрылган. Анын айтымында, белгисиз адам ишенимине кирип, 50 миң сомго iPhone 17 Pro Max саткан, бирок кийин ал жасалма

Ишкер Media
Ишкерлерге фитосанитардык талаптарды бузгандар жазаланаары айтылды

Ишкерлерге фитосанитардык талаптарды бузгандар жазаланаары айтылды

Ишкерлерге текшерүүгө тыюу салуу боюнча президенттин жарлыгына киргизилген өзгөртүүлөрдүн маңызы түшүндүрүлүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, 9-октябрда Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын Бишкек жана Чүй боюнча инспекторлору борбордогу коомдук тамактануу жайларында, ветеринардык дарыканаларда жана эт сатуу түйүндөрүндө мониторинг жүргүзүштү. Санитардык абал, ветеринардык документтер жана талаптардын сакталышы текшерилди.

Ишкер Media
Кыргызстан менен Монголия соода-экономикалык кызматташтыкты талкуулашты

Кыргызстан менен Монголия соода-экономикалык кызматташтыкты талкуулашты

9-октябрда экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматов Монголиянын Кыргызстандагы Элчиси Дэмчигийн Тэгшжаргал менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, жолугушууда эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтык, өз ара соода жүгүртүүнү көбөйтүү, өнөр жай кооперациясын өнүктүрүү жана биргелешкен долбоорлор талкууланды. Ошондой эле ишкерлер ортосундагы байланышты

Ишкер Media