Аймактарды өнүктүрүү фонддору 10 айда 164 экономикалык долбоорду каржылады

Аймактарды өнүктүрүү фонддору 10 айда 164 экономикалык долбоорду каржылады

Региондорду өнүктүрүү фонддорунун каражаттары республиканын аймактарын социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө өбөлгө түзүүчү артыкчылыктуу долбоорлорду каржылоого багытталат. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Фонддордун бюджети негизинен тоо-кен казуу компанияларынын чегерүүлөрү жана жер казынасын пайдаланууга лицензиялардын эсебинен түзүлүп, облустук жана райондук деңгээлде иш алып барат.

Каржылоо чакан жана орто бизнести колдоо, инфраструктураны өнүктүрүү, жумуш менен камсыз кылуу жана жашоо сапатын жогорулатууга багытталган. Экономикалык долбоорлор жылдык 2% чен менен бюджеттик кредиттөө түрүндө “Мамфинхолдинг” ААК аркылуу ишке ашырылат.

2025-жылдын 10 айында “Мамфинхолдинг” ААК жалпы суммасы 1 015,4 млн сом болгон 206 экономикалык долбоорду жактырып, алардын ичинен 769,3 млн сомго 164 долбоор каржыланды. Ал салыштыруу үчүн, 2024-жылы фонддор 165,8 млн сомго 38 долбоорду, ал эми 2023-жылы 146,1 млн сомго 34 долбоорду каржылаган.

Ошентип, 2025-жылы колдоого алынган долбоорлордун саны жана каржылоо көлөмү боюнча олуттуу өсүү байкалууда. Бул өсүү мамлекеттин инвестициялык колдоосунун кеңейишин жана реалдуу экономика секторун өнүктүрүүгө жасаган салымын көрсөтөт.

Мындан тышкары окуңуз

Казакстанда тарыхта биринчи жолу Курултайга депутаттар шайланууда

Казакстанда тарыхта биринчи жолу Курултайга депутаттар шайланууда

Бүгүн, 23-августта, Казакстанда тарыхта биринчи жолу жаңы бир палаталуу парламент — Курултайдын депутаттарын шайлоо өтүп жатат. Ал буга чейинки эки палаталуу парламенттин ордуна түзүлгөн.  Добуш берүү жергиликтүү убакыт боюнча саат 07:00дөн 20:00гө чейин өтөт. Жаңы Курултай 145 депутаттан туруп, алар 5 жылдык мөөнөткө шайланат. Бул жолку шайлоого жети

Бишкек ЖЭБинин каналынын жээги жаңы эс алуу аймагына айланат

Бишкек ЖЭБинин каналынын жээги жаңы эс алуу аймагына айланат

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев ЖЭБдин технологиялык каналынын боюндагы аймакты көрктөндүрүү иштеринин жүрүшү менен таанышты. Долбоордун алкагында жакынкы райондордун жашоочулары үчүн заманбап эс алуу жана сейилдөөчү мейкиндик түзүлүүдө. Мэриянын маалыматына ылайык, Чокан Валиханов көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейинки болжол менен 1 чакырымдык тилкеде коргоочу тосмолор жана тышкы жарыктандыруу үчүн мамылар орнотулуп,

Садыр Жапаров "Бишкек Аренадагы" даярдык иштерин көрүп чыкты

Садыр Жапаров "Бишкек Аренадагы" даярдык иштерин көрүп чыкты

Президент Садыр Жапаров "Бишкек Арена" стадионуна барып, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине карата жүргүзүлүп жаткан даярдык иштерин көрүп чыкты. Президенттин администрациясынын маалыматына ылайык, мамлекет башчысы стадиондун инфраструктурасы, анын аймагындагы негизги объектилер жана комплекстин коомдук зоналарынын бири болгон соода борбору менен таанышты. Даярдык иштеринин алкагында ачылыш аземин уюштуруу,

ДКО-2026: Кырчынга конокторду 300 кичи автобус акысыз ташыйт

ДКО-2026: Кырчынга конокторду 300 кичи автобус акысыз ташыйт

Бишкектеги ДЕПО-2нин аймагында шаар мэри Айбек Джунушалиев VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын транспорттук камсыздоосуна тартылуучу кичи автобустардын айдоочулары менен жолугушту. Бишкек мэриясынын маалыматына ылайык, эл аралык спорттук иш-чарага даярдыктын алкагында Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасы департаменти тарабынан 300 кичи автобус тартылат. Алар шаар тургундарын жана конокторду Кырчын жайлоосуна акысыз