Кыргызстандык экспорттоочуларга 1,7 млрд сомдон ашык кепилдик берилди

Кыргызстандык экспорттоочуларга 1,7 млрд сомдон ашык кепилдик берилди

"Кепилдик фонд" ААКсы экспорт жана импортту алмаштыруу багытында иштеген ишкерлерди системалуу түрдө колдоп, алардын жаңы рынокторго чыгышына жана өндүрүштүн өсүүсүнө шарт түзүүдө. Маалыматка ылайык, түзүлгөн күндөн тартып экспортко багытталган компаниялар 1,74 млрд сомдон ашык кепилдик алган. Бул колдоо ишкерлерге жалпы 5,89 млрд сом өлчөмүндө кредиттик каражат тартууга мүмкүнчүлүк берди.

2025-жылы дагы бул багыттагы иш активдүү уланып, экспорт менен алектенген бизнеске 168,9 млн сомдук кепилдик берилди. Натыйжада компаниялар 458,7 млн сом өлчөмүндө кредиттерге жетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Учурда фонд "Кыргызстанда өндүрүлгөн" Улуттук экспорттук программасынын алкагында ишти күчөтүп, ата мекендик өндүрүүчүлөргө өз продукциясын эл аралык рынокко чыгарууга жардам берүүдө. Колдоо механизмдери өлкөнүн экспорттук потенциалын жогорулатууга, өндүрүүчүлөрдүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн арттырууга жана улуттук экономиканын туруктуу өсүшүнө салым кошууда.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Өзүн прокуратуранын өкүлү катары тааныштырып, алдамчылык кылган аял аныкталды

Кыргызстан аймакта биринчи болуп БУУнун темир жол конвенциясына кошулду

Кыргызстан СПЕКАнын трасттык фондуна 1 млн доллар бөлдү

Өлкөнүн 16 айыл аймагына жайыттарды жакшыртууга 43,4 млн сом грант берилет

Кыргызстан менен Тажикстандын товар жүгүртүүсү үч эсеге өстү