Таш-Көмүр шаарында 30 МВт кубаттуулуктагы күн электр станциясы курула баштады

Таш-Көмүр шаарында 30 МВт кубаттуулуктагы күн электр станциясы курула баштады

Таш-Көмүр шаарында 11 гектар жерге 30 МВт кубаттуулуктагы күн электр станциясынын курулушу жүрүп жатканын президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнө шилтеме кылып “Кабар” агенттиги жазды. Күн мурун президенттин өкүлү Тилек Текебаев аталган объектиге барып курулуш иштеринен кабар алган. 

 Эске салсак, бул Жалал-Абад облусунда алгачкы ири күн электр энергетикалык долбоорлорунун бири болуп саналат. Долбоор GRK Solar Energ компаниясы тарабынан жүзөгө ашырылып жатат. Долбоордун наркы 20 млн долларды түзөт.

Күн электр станциясы курулуп жаткан аймакта мурда көмүр шахталары жайгашкан. Учурда аталган жерлер толук калыбына келтирилип, өндүрүштүк жана коммерциялык пайдаланууга ылайыкташтырылган. Курулуш иштери экологиялык талаптар сакталган шартта, калыбына келтирилген аймактарда жүргүзүлүп жатат.

Облус башчысы Тилек Текебаев бул долбоор энергетикалык көйгөйлөрдү чечүү менен катар, социалдык-экономикалык өнүгүүгө жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылууга багытталган комплекстүү чечим экендигин белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Президент жарандык берүү жана жарандыктан чыгуу боюнча жарлыктарга кол койду

Президент жарандык берүү жана жарандыктан чыгуу боюнча жарлыктарга кол койду

Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу, жарандыктан чыгуу жана Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготуу жөнүндө жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу Президенттин администрациясынын басма сөз кызматынан билдиришти. Президенттин администрациясынын маалыматына ылайык, жарандык алган адамдардын арасында тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар басымдуулук кылат. Ошондой эле мурда Кыргызстандын жарандыгынан чыгып, учурда

Быйыл Бишкек инфраструктурасын өнүктүрүүгө 611,2 млн сом бөлүнгөн

Быйыл Бишкек инфраструктурасын өнүктүрүүгө 611,2 млн сом бөлүнгөн

Быйыл Бишкек шаарында 64 инфраструктуралык объектти ишке ашырууга 611,2 миллион сом каралган. Бул тууралуу борбор калаанын 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыктарына арналган коллегиялык жыйында маалымдалды. Маалыматка ылайык, 2026-жылдын маанилүү окуяларынын бири Бишкек шаарынын 2050-жылга чейинки Башкы планынын бекитилиши болду. Документ борбор калааны алдыдагы 25 жылда өнүктүрүүнүн

Караколдо жаңыланган Пушкин сейил багы пайдаланууга берилди

Караколдо жаңыланган Пушкин сейил багы пайдаланууга берилди

Каракол шаарындагы А.С. Пушкин атындагы борбордук сейил бак реконструкциядан кийин пайдаланууга берилди. Жаңыланган эс алуу жайынын ачылыш аземине Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышты. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Кечээ Каракол шаарындагы А.С. Пушкин атындагы борбордук сейил бак реконструкциядан кийин расмий түрдө пайдаланууга берилди. Ачылыш аземине Министрлер Кабинетинин

Бишкектеги эки мектеп жаңыланып, заманбап спорт аянтчалары курулууда

Бишкектеги эки мектеп жаңыланып, заманбап спорт аянтчалары курулууда

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев №58 жана №112 мектептерде жүргүзүлүп жаткан курулуш жана оңдоо иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышты. Мэриянын маалыматына ылайык, №58 мектептин аймагында кичи футбол жана баскетбол аянтчалары, воркаут жана балдар аянтчалары курулууда. Ошондой эле тышкы жарыктандыруу орнотулуп, чуркоо жолдору, пандустар жана отургучтар коюлат. Мындан тышкары, тротуарлар менен