Өлкөдө күрөө коюлган кыймылсыз мүлк рыногу 175 млрд сомдон ашты

Өлкөдө күрөө коюлган кыймылсыз мүлк рыногу 175 млрд сомдон ашты

2025-жылдын III кварталында Кыргызстанда күрөө коюлган кыймылсыз мүлк рыногундагы активдүүлүк уланып, жалпы 21 миң 261 күрөө келишими катталып, алардын суммасы 175,1 млрд сомду түзгөнүн economist.kg сайты Жер ресурстары мамлекеттик агенттигинин маалыматына шилтеме кылуу менен жазды. Анын ичинен 12 миңден ашык келишим (35,6 млрд сом) нотариалдык күбөлөндүрүүсүз ишке ашкан.

Күрөө операцияларынын саны боюнча Бишкек менен Чүй облусу лидер болуп саналат. Баш калаада 5026 келишим 101 млрд сомго катталса, Чүй облусунда 3292 келишим 25,4 млрд сомго жеткен.

Кыймылсыз мүлктүн түрлөрү боюнча эң жигердүү күрөө салуулар турак жай секторунда байкалган:

  • Жеке турак үйлөр: 11 763 келишим – 36,7 млрд сом;
  • Квартиралар: 8 215 келишим – 15,5 млрд сом;
  • Турак-жай курулушуна арналган жер тилкелери: 4 509 келишим – 61,4 млрд сом.

Коммерциялык кыймылсыз мүлк да активдүү болду:
976 келишим катталып, жалпы суммасы 32,5 млрд сомду түздү. Бул санга соода жана офис объекттери, ошондой эле коммерциялык курулуш үчүн жер тилкелери кирет.

Өндүрүш объекттери жана өндүрүшкө арналган жерлер:
1 202 келишим – 2,6 млрд сом.

Айыл чарба багытындагы объекттер:
402 келишим – 5,78 млрд сом.

Административдик жана социалдык объекттер:
1 237 келишим – 2,3 млрд сом.

Маданий объекттер:
35 келишим – 0,85 млрд сом.

Региондор боюнча көрсөткүчтөр төмөнкүдөй:
  • Ош облусу: 2 781 келишим – 8,7 млрд сом;
  • Жалал-Абад облусу: 3 230 келишим – 9,1 млрд сом;
  • Ысык-Көл облусу: 2 228 келишим – 5,6 млрд сом;
  • Талас облусу: 1 104 келишим – 2 млрд сом;
  • Нарын облусу: 1 142 келишим – 2,1 млрд сом;
  • Баткен облусу: 1 078 келишим – 2,3 млрд сом.

Мындан тышкары окуңуз

Манас шаарынын энергетикалык кубаттуулугу 25 МВАга жогорулайт

Манас шаарынын энергетикалык кубаттуулугу 25 МВАга жогорулайт

Өлкөдө энергетика тармагында масштабдуу жаңылануу жүрүүдө. Союз тарагандан бери оңдоодон өтпөгөн аба чубалгылары жаңыртылып, тармактардын кубаттуулугу жогорулатылууда. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, Манас шаарында 2025-жылы 2700дөн ашуун, 2026-жылдын 5 айында 1254 жаңы абонент кошулган. Жыл аягына чейин дагы 4000 абонентти кошуу пландалууда. Энергетика министрлигинин тапшырмасы менен шаарда

Ишкер Media
ЖК салык маселелерине байланышкан мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду

ЖК салык маселелерине байланышкан мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду

Бүгүн, ЖКтин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген «Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, жактырылды. Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков тааныштырып, мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын өркүндөтүү, укуктук жөнгө салуунун ачыктыгын жана

Ишкер Media
Бишкекте айыл чарба көргөзмө-жарманкеси болот

Бишкекте айыл чарба көргөзмө-жарманкеси болот

23-25-октябрь күндөрү Бишкектеги Т.Усубалиев атындагы аянтта "АгроТехЭкспо – 2026" жана "Алтын күз" көргөзмө-жарманкеси уюштурулат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чара саат 10:00дөн 17:00гө чейин уюштурулуп, айыл чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамына

Ишкер Media
Кыргызстандын делегациясы БУУнун 15-конгрессине катышууда

Кыргызстандын делегациясы БУУнун 15-конгрессине катышууда

Кыргызстандын делегациясы Бириккен Араб Эмираттарынын Абу-Даби шаарында өтүп жаткан БУУнун кылмыштуулукту алдын алуу жана кылмыш-жаза адилеттүүлүгү боюнча 15-конгрессине катышууда. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди. Маалыматка караганда, делегация курамында юстиция министри Алмаз Айылчиев, Башкы прокурордун орун басары Нурбек Каимов жана Башкы прокуратуранын өкүлдөрү бар. Жогорку деңгээлдеги сегментте Кыргызстандын

Ишкер Media