Балыкчыда 2,2 млрд сомдук долбоорлор ишке ашууда

Балыкчыда 2,2 млрд сомдук долбоорлор ишке ашууда

Өлкө башчысы Садыр Жапаров кечээ Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Балыкчы шаарынын жана Ысык-Көл районунун 2021–2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары менен таанышты. Бул тууралуу анын администрациясы кабарлады.

Мамлекет башчысына Балыкчы шаарында 2025–2026-жылдары республикалык бюджеттин, Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен масштабдуу инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылып жатканы маалымдалды.

Маалыматка ылайык, бул иштерге жалпы 2,2 млрд сом каралып, шаарды өнүктүрүүгө жана тургундардын жашоо шарттарын жакшыртууга багытталган 65 долбоорду ишке ашыруу пландалган.

Атап айтканда, 2026-жылы 140 млн сомго муниципалдык балык базарынын курулушу аяктады. Жаңы базарда 130 соода түйүнү, унаа токтотуучу жай жана санитардык талаптарга жооп берген шарттар түзүлгөн.

Ошондой эле "Жети дубан ордосу" паркынын курулушу 90 %га аяктады. Жалпы наркы 149,5 млн сомду түзгөн долбоордо Кыргызстандын жети облусунун тарыхый жана маданий символдору чагылдырылат. Алардын катарында Бурана мунарасы, Ысык-Көл, Таш-Рабат, Манас күмбөзү, жаңгак дарагы, Сулайман-Тоо жана Айгүл гүлү бар.

Мындан тышкары, шаарда 538 млн сомдук жаңы муниципалдык базардын курулушу жүрүүдө. Ал пайдаланууга берилгенден кийин 350дөн ашык соода орду жана 200 унаа токтотуучу жай түзүлөт.

Саламаттык сактоо тармагын өнүктүрүүгө 270 млн сом бөлүнгөн. Медициналык мекемелер оңдолуп, жаңы жабдуулар менен камсыздалган. Катетеризациялык лаборатория ишке киргенден бери 235 жаранга жүрөк стенттери орнотулган.

Билим берүү багытында 2 жаңы бала бакча пайдаланууга берилип, жергиликтүү бюджеттен оңдоо иштерине 73 млн сом каралган.

Аталган долбоорлор Балыкчы шаарынын инфраструктурасын жакшыртууга, соода жана ишкердик чөйрөсүн өнүктүрүүгө, ошондой эле калкка көрсөтүлүүчү медициналык жана билим берүү кызматтарынын сапатын жогорулатууга багытталган.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ош облусунда 100 орундуу бала бакча курулууда

Салык кызматы 66 миңден ашык ишкерди тизмеге киргизди

УчкайКЕП: Өлкөдө жума ичинде орун алган маанилүү окуялар

Баткенде электр энергиясын үнөмдөө режими киргизилет

Таласта курулуш компаниясына 200 миң сом айып пул салынды