Быйыл Кыргызстанда калемпир, сабиздин түшүмдүүлүгү жакшы болгон

Быйыл Кыргызстанда калемпир, сабиздин түшүмдүүлүгү жакшы болгон

Кыргызстанда 2025-жылдагы түшүм жыйноо иштери дээрлик  98–99%га аяктаганын радио эфиринде Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин өсүмдүк өстүрүү, багбанчылык жана кооперация башкармалыгынын начальниги Турат Идирисов билдирди.

Анын айтымында, быйылкы сезон аптаптуу ысык жана кургакчылык менен коштолуп, айрыкча кайракы жерлерге олуттуу таасирин тийгизген. Буудай жана арпанын түшүмдүүлүгү өткөн жылга салыштырмалуу төмөндөгөн, бирок башка көпчүлүк өсүмдүктөр боюнча көрсөткүчтөр туруктуу бойдон калган.

Идирисовдун айтуусунда, бир катар жашылча жана мөмө-жемиштер боюнча жакшы жыйынтыктар алынган.

  • Талас облусунда калемпирдин түшүмдүүлүгү гектарынан 25 тоннага жеткен;
  • Чүй облусунда сабиздин түшүмдүүлүгү 70–73 центнерге, айрым чарбаларда 90 центнерге чейин жеткен;
  • Нарын облусунда картошканын түшүмдүүлүгү 35–40 центнер болгон.

Министрликтин маалыматына караганда, шекер кызылчасынын жыйымы аяктап баратат жана быйыл бир гектардан 380–450 центнерден алынган. Бул көрсөткүч өткөн жылга караганда төмөн. Себеби быйыл айрым жерлердеги кант кызылчалары жазгы үшүккө урунган. Бирок Идирисов белгилегендей, өлкө кумшекер кору жана жаңы түшүм эсебинен шекер менен толук камсыздалат.

Башкармалыктын жетекчиси "3+2" пилоттук долбоору кеңейип жатканын да кошумчалады. Анын алкагында министрликтин адистери дыйкандарды үрөн себүүдөн тартып түшүм жыйноого чейин консультациялык жана техникалык колдоо менен коштоп турушат.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектеги эки мектеп жаңыланып, заманбап спорт аянтчалары курулууда

Бишкектеги эки мектеп жаңыланып, заманбап спорт аянтчалары курулууда

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев №58 жана №112 мектептерде жүргүзүлүп жаткан курулуш жана оңдоо иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышты. Мэриянын маалыматына ылайык, №58 мектептин аймагында кичи футбол жана баскетбол аянтчалары, воркаут жана балдар аянтчалары курулууда. Ошондой эле тышкы жарыктандыруу орнотулуп, чуркоо жолдору, пандустар жана отургучтар коюлат. Мындан тышкары, тротуарлар менен

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: негизги иш-чаралар кайда жана качан өтөт?

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: негизги иш-чаралар кайда жана качан өтөт?

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи Бишкек шаарындагы “Бишкек аренада” башталып, негизги бөлүгү 2026-жылдын 1–6-сентябрында Ысык-Көл облусунда өтөт. Оюндардын расмий программасы бекитилип, ага спорттук мелдештерден тышкары маданий жана илимий иш-чаралар да киргизилди. Иш-чаранын негизги аянтчалары * Курманжан Датка атындагы Көчмөндөр цивилизациясы борбору: 1–6-сентябрга

5 жылда бюджетке түшкөн салыктын көлөмү 30 жыл мурдагы көрсөткүчтөн ашты

5 жылда бюджетке түшкөн салыктын көлөмү 30 жыл мурдагы көрсөткүчтөн ашты

Кыргызстандын мамлекеттик бюджетине акыркы беш жарым жылда түшкөн салыктык төлөмдөрдүн көлөмү өлкөнүн буга чейинки 30 жылда чогулган салыктын суммасынан ашты. Салык кызматынын маалыматына ылайык, 2021-жылдан 2026-жылдын июль айына чейин Кыргызстандын мамлекеттик бюджетине 1,2 трлн сомдон ашык салыктык төлөм түшкөн. Ал эми 1991–2020-жылдары, башкача айтканда, 30

Өлкө боюнча 7,5 млн сомдон ашык камсыздандыруу кенемтеси берилди

Өлкө боюнча 7,5 млн сомдон ашык камсыздандыруу кенемтеси берилди

Мамлекеттик камсыздандыруу уюму жарандарга күтүлбөгөн кырдаалдар боюнча кенемтелерди төлөөнү улантууда. Бул тууралуу аталган уюмдун басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, уюмдун Бишкек филиалы тарабынан ОСАГО жана КАСКО-Экстра полистери боюнча жалпы 2 млн 918 миң 984 сом 23 тыйын камсыздандыруу кенемтеси төлөнгөн. Ал эми республика боюнча жалпы 7 млн 503