Касымалиев Чыгыш айланма унаа жолунун курулушу менен таанышты

Касымалиев Чыгыш айланма унаа жолунун курулушу менен таанышты

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Бишкек шаарындагы бир катар объекттердин курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу бүгүн өкмөттөн маалымдашты.

МинКаб Төрагасы алгач мурдагы "Чатыр-Көл" кинотеатрынын ордунда курулуп жаткан маданий борбордун курулушунун жүрүшүн көрүп чыкты.

Маалым болгондой, үч кабаттуу имараттын жалпы аянты 7 490 чарчы метрди түзөт. Имаратта алты кинозал, 400 орундуу концерттик зал, музыкалык жана театралдык класстар, жыйындар залы, фуд-корт жана көп функциялуу жайлар каралган.

Мындан тышкары, долбоор боюнча эки деңгээлдүү жер астындагы унаа токтотуучу жайдын курулушу да каралган.

Бүгүнкү күндө ички жасалгалоо иштери, аймакты көрктөндүрүү жана унаа токтотуучу жайдын курулуш иштери жүргүзүлүүдө. Долбоорду ушул жылдын аягында аяктоо пландалууда.

Андан соң МинКаб Төрагасы Бишкек шаарынын Чыгыш айланма автомобиль жолунун курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Долбоорго ылайык, жолдун узундугу 16,2 чакырымды түзөт. Ал төрт тилкелүү болуп, жүрүүчү бөлүгүнүн туурасы 14 метрди, жол жээги 2,5 метрди түзөт. Ошондой эле ал ири инженердик курулмаларды, татаал жол айрыктарды жана көпүрөлөрдү курууну да камтыйт.

Касымалиев жооптуу мамлекеттик органдарга жана подряддык уюмдарга курулуш иштеринин тиешелүү сапатын камсыз кылууну жана долбоорлорду белгиленген мөөнөттө аяктоо үчүн зарыл чараларды көрүүнү тапшырды. 

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Жерүй кенинен 9 айда мамлекеттик казынага 20 млрд сом түшкөн

Улуттук банк эскертет

Таласка 8,1 млн доллар инвестиция тартылып, 325 жумуш орду түзүлдү

Кытайлык компания менен кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду

Акысыз кино: Бишкекте Австрия, Швейцария жана Германиянын тасмалары көрсөтүлөт