Кыргызстан ИКУ өлкөлөрүнүн арасында экономикалык өсүш боюнча алдыңкы бештикке кирди

Кыргызстан ИКУ өлкөлөрүнүн арасында экономикалык өсүш боюнча алдыңкы бештикке кирди

Түркиянын Стамбул шаарында Ислам кызматташтык уюмунун (ИКУ) Экономикалык жана соода кызматташтыгы боюнча туруктуу комитетинин (КОМСЕК) министрлер деңгээлиндеги 42-жыйыны өттү. Бул тууралуу КРнын Экономика жана коммерция министрлигинен билдирди.

Билдирүүгө караганда, жыйын 31-октябрдан 3-ноябрга чейин болуп, ага Кыргызстандын Түркиядагы соода өкүлү Чыңгыз Эсенгул уулу да катышты.

Жыйында Ислам өлкөлөрүнүн статистикалык, экономикалык жана социалдык изилдөөлөр жана окутуу борбору (SESRIC) тарабынан сунушталган экономикалык маалыматтарга ылайык, 2025-жылы Кыргызстандын ички дүң продукциясынын (ИДП) реалдуу өсүшү 11,1 пайызды түзгөн.

Бул көрсөткүч боюнча Кыргызстан ИКУга мүчө 57 өлкөнүн ичинен алдыңкы бештикке кирген.

Жыйында мүчө мамлекеттердин ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүү, инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү, экспортту диверсификациялоо жана экономикалык байланыштарды чыңдоо маселелери талкууланды.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. 
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Бишкекте №37 автобустун каттамы өзгөртүлдү

Таласта "Баарын" чакан ГЭСи жыл аягына чейин ишке киргизилет

“Тамчы” АФИА - Гонконгдо каржы борборлорунун кызматташуусун сунуштады

Касымалиев Чыгыш айланма унаа жолунун курулушу менен таанышты

Жерүй кенинен 9 айда мамлекеттик казынага 20 млрд сом түшкөн