Таласка 8,1 млн доллар инвестиция тартылып, 325 жумуш орду түзүлдү

Таласка 8,1 млн доллар инвестиция тартылып, 325 жумуш орду түзүлдү

Өлкө лидери Садыр Жапаров бүгүн Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Айтматов жана Манас райондорунун тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясы кабарлады.

Жолугушууда облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсү, бюджеттин өсүшү, инфраструктуралык долбоорлор жана алдыдагы пландар талкууланды.

Мамлекет башчысынын маалыматына ылайык, 2021-жылы Талас облусунун бюджети 640 млн сомду түзсө, 2025-жылы 1 млрд 268 млн сомго жеткен. Ал эми 2026-жылга бюджет 1 млрд 341 млн сом өлчөмүндө бекитилген.
Ошондой эле быйыл инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга кошумча 5 млрд 543 млн сом бөлүнгөн.

Мындан тышкары, быйыл алты өндүрүш объектиси ишке киргизилип, 8,1 млн доллар инвестиция тартылган. Натыйжада 325 жумуш орду түзүлгөн.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Жерүй кенинен 9 айда мамлекеттик казынага 20 млрд сом түшкөн

Улуттук банк эскертет

Кытайлык компания менен кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду

Акысыз кино: Бишкекте Австрия, Швейцария жана Германиянын тасмалары көрсөтүлөт

Кыргызстан менен Түштүк Корея "акылдуу ферма" багытында кызматташат