Келечекте Бишкекте кошумча 2 миң 416 гектар парк, сквер, сейил багы түзүлөт

Келечекте Бишкекте кошумча  2 миң 416 гектар парк, сквер, сейил багы түзүлөт

Бишкек шаарында борбор калаанын 2050-жылга чейинки жаңы Башкы планынын негизги параметрлери тааныштырылды.

Учурда шаардагы иштеп жаткан жашыл зоналардын аянты 606 гектарды түзөт. Жаңы Башкы планга ылайык, кошумча 2 миң 416 гектар парк, сквер, бак жана бульварларды түзүү каралган. Натыйжада жашыл аймактардын жалпы аянты 3 миң 22 гектарга жетип, дээрлик беш эсеге көбөйөт.
"Бишкекбашкыархитектура" МИнин башчысынын орун басары Азирет Акимовдун айтымында, коомдук угуулар 24–25-декабрда өтөт. Андан кийин иштеп чыгуучулар жана комиссия бардык эскертүүлөрдү карап чыгып, аларды кабыл алуу же четке кагуу боюнча чечим чыгарышат. Угуунун протоколдору беш күндүн ичинде жарыяланат. Андан соң шаардыктар жети күндүн ичинде кошумча сунуштарды киргизе алышат. Ошондон кийин долбоор мамлекеттик органдарга макулдашууга, андан соң Министрлер Кабинетине жөнөтүлөт. Мэриянын эсептөөсү боюнча, бул процесс январдын ортосуна чейин аяктайт.

Ошол эле учурда талкуу сын-пикирлер менен коштолду. Санкт-Петербург шаарындагы илимий-изилдөө институтунун архитектору, долбоордун авторлорунун бири Ирина Гришечкина Бишкектеги азыркы курулуш саясатына катуу сын айтты.

"Бишкек 3–4 кабаттуу уникалдуу объекттерин жоготуп жатат. Мен жеке өзүм 12 кабаттан жогору үйлөрдүн курулушуна каршымын. Шаар мындай жүктү көтөрө албайт. Инвестициялык жарышты токтотуу керек", — деди ал.

Маданияттын эмгек сиңирген ишмери Леонид Бухман тарыхый борборду, анын ичинде сталин доорундагы имараттарды сактоо маселесин көтөрүп, Бишкекти Санкт-Петербург менен салыштырды. Ал жакта тарыхый келбет кылдат корголорун белгиледи. Илимий-изилдөө институтунун өкүлү Бишкектин борборундагы сталиндик имараттар сакталарына ишендирди.

Мындан тышкары окуңуз

Нарында Таалай көчөсүнө арык салуу үчүн казынадан 833 миң сом бөлүндү

Нарында Таалай көчөсүнө арык салуу үчүн казынадан 833 миң сом бөлүндү

Нарын шаарындагы Таалай көчөсүнө жаандан улам топтолгон сууларды агызуу үчүн арык салынат. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, арык салууга жергиликтүү казынадан 833 миң сом бөлүнгөн. Учурда "Жашылдандыруу" муниципалдык мекемеси тендерде жеңүүчү болгон ишкана менен келишим түздү. Мындан тышкары, өткөн жылы асфальт төшөлгөн Таалай

Баткенде 193,9 млн сомдук долбоор: 75 орундуу балдар ооруканасы курулат

Баткенде 193,9 млн сомдук долбоор: 75 орундуу балдар ооруканасы курулат

Баткен шаарындагы Чет-Булак аймактык башкармалыгында 75 орундуу балдар ооруканасынын курулушуна мезгил кутусу салынды. Бул тууралуу аймактык өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жаңы балдар ооруканасынын жалпы аянты 2 959,82 чарчы метрди түзөт. Долбоордун жалпы наркы 193 млн 965 миң 441 сом деп көрсөтүлгөн. Мекемеде УЗИ, ЭКГ, рентген

Бишкекте 11 көчөдө жол жана тротуарларды оңдоо иштери аяктады

Бишкекте 11 көчөдө жол жана тротуарларды оңдоо иштери аяктады

Бишкекте бир катар көчөлөрдө жолдорду, тротуарларды жана ирригациялык тармактарды оңдоо иштери аяктады. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын маалыматына ылайык, учурда төмөнкү тилкелерде иштер бүткөрүлдү: • Клинск көчөсү — Кахов көчөсүнөн Лущихин көчөсүнө чейин, 200 метр; • Левонев көчөсү — Айни көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейин, 750 метр; • "Алтын-Ордо"

Курулуш тармагындагы бир катар кызматтар онлайн жеткиликтүү болду

Курулуш тармагындагы бир катар кызматтар онлайн жеткиликтүү болду

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин бир катар мамлекеттик жана муниципалдык кызматтары электрондук форматта жеткиликтүү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жарандар жана уюмдар тиешелүү маалыматтык системалар аркылуу арыздарын аралыктан тапшырып, алардын каралуу процессине көз салып, мамлекеттик органдарга барбастан керектүү документтерди ала алышат. Негизги маалыматтык системалар: • Мамлекеттик экспертиза департаменти – мамлекеттик